«Даңк» медалынын ээси, эмгек сиңирген дарыгер, профессор Исхар Фунлоэр биринчилерден болуп өпкө менен кызыл өңгөчтү туташтырган трахеяны көчүргөн.
Кыргызстанда пандемиядан каза болгон дарыгерлердин саны улам артууда. 2-июлда “Даңк” медалынын ээси, эмгек сиңирген дарыгер, өпкө, боор оорулары боюнча профессор Исхар Фунлоэр мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Акыркы бир нече суткада каза болгон дарыгерлер улам көбөйүп баратат.
Акыркы бир нече суткада каза болгон дарыгерлердин саны улам көбөйүп бара жатат.
Вирус күчөгөн сайын дарыканалардын текчесинде ар түрдүү дарылар азайып, буга кошумча алардын баасы да асмандады. Коомчулук бийликтен дары-дармектин баасын көзөмөлдөөнү талап кылууда.
Бишкек менен Чүйдө оорунун көптүгүнөн кыйналган дарыгерлер медицина системасын талкалаган реформаларга нааразы.
Жамал Тазабекова - Кыргызстанда коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үчүнчүсү. Кызы жана кесиптештери азыр жоготуу азабынан кыйналып турган учуру. Ал ортодо Бишкек, Чүйдө оорунун көптүгүнөн кыйналган дарыгерлер медицина системасын талкалаган реформаларга нааразы.
Ат-Башы районунун тургуну, жөө күлүк Оболбек Осмонбеков 400 чакырым аралыкты беш күндө чуркап өттү. Ал сапарын 19-июнь күнү Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынан баштап, 24-июнда Бишкекке келди.
Акыркы бир жумада Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүүдө, алардын баарын дарылаганга саламаттык системасынын күчү жетеби? Эмне менен дарылап жатышат? Медициналык кызматкерлердин канчасы вируска кабылды?
Алтын Качканакова быйыл 94кө чыкты. Кочкор районунда жашайт. Футболдун өзгөчө күйөрманы. Белгилүү футболчу Пеленин доорунан баштап, азыркы дүйнө жылдыздарына чейин жатка билчү. Акыркы эки жылдан бери карылыктын айынан унутчаак боло баштаган экен. Ошого карабай Месси менен Роналдуну жазбай тааныйт.
Саламаттык сактоо министрлиги 18-июнда өлкө аймагында COVID-19ду 95 адам жугузуп алганын маалымдады.
Карантин жарыялангандан бери Республикалык кан борборуна керектүү каражаттар алына элек.
Дагы жүктөңүз