Тиш догдурда чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Алиянын жакындары дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, окуяны дыкат иликтөөнү талап кылууда. Прагада окуу жайдагы куралдуу кол салуудан 15 киши каза болуп, 25 киши жараат алды.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда кабыл алды. Ал арада коомчулук, жаштар бул демилгеге каршы экенин билдирүүдө.
Генетикалык банк - Кыргызстандагы 2600дөн ашуун айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиштердин генофондун сактайт. Генбанк 2010-жылы Швеция өкмөтүнүн жана Скандинавиялык генетикалык ресурстар борборунун Nordgen долбоорунун колдоосу менен ачылган. Азыр кыргыз өкмөтү каржылайт.
Бишкектин четиндеги санитардык полигондо таштанды терип жан баккан ондогон үй-бүлө бар. Быйыл жазында шаар бийлиги бул аймакты ирээтке келтирүү үчүн айланасын тосуп, быкшыган өрттү өчүргөн. Мэрия аталган полигонду толугу менен жаап, жаңысын ишке киргизүүнү пландоодо. Бул анын айланасындагы
Газада 4 күндүк ок атпоо режими күчүнө кирди. Макулдашууга ылайык, Хамас радикал тобу 13 туткунду бошотот. Израил ондогон палестинди түрмөлөрүнөн чыгарууга тийиш. Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси ишкерден 200 миң доллар опузалап талап кылган деген шек менен кармалды.
Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинин изилдөөчү инженери Ажымурат Орозалиев былтыр жасаган кескелдирик жөнүндө изилдөөсү илимий чөйрөдө жаңылык жараткан. Ал “Азаттыктын” видеоподкастында илимдин экономикага таасири, жарандык жигердүүлүк, “акылдын агылышы” жөнүндө байкоолору менен бөлүштү.
“Кумтөрдөгү” миллиондогон сомдук коррупцияга айыпталган ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк боюнча сот чечими чыгып, 800 миң сом айыппул чегерилди. Буга чейин Бөлтүрүк тергөө менен кызматташып казынага 10 млн. сом төгүп берген.
Кыргызстанда эркектер арасында аденома, тукумсуздук, рак илдетине кабылгандар көбөйүп, оору жашарып баратканын дарыгерлер эскертүүдө.
Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылында таза суу талап кылган акциядагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча чечим чыгарды. Блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айып чегерди. Селекциянын тургундары Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов 100 күндүк коомдук жумушка тартылмай болду.
Газа тилкесиндеги ири "аш-Шифа" ооруканасы аба соккуларынан катуу жа0быркады. Абактагы оппозициялык саясатчы Мадумаровдун абалы начар экенин адвокаты билдирди. "Айчүрөк" соода борборунун ээси Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланды. Кыргызстанда кызылча илдети жайылууда.
Чоң Кемин - Күнгөй Ала Тоо менен Иле Ала Тоосунун ортосундагы өрөөн.
Дагы жүктөңүз