28-мартта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамалдан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 26га жетти. Эки адамдын жамбашы сынып, калгандары башынан жаракат алган. Мындан тышкары 154 социалдык имараттын, жеке турак жайдын чатыры талкаланганы маалым болду.
28-мартта катуу шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарак кулап, автоунааларды басып калды. Катуу шамалдын кесепети тартылган сүрөт-видеолорду социалдык тармактын колдонуучулары жарыялашты.
Кыргызстан Орусиядагы "Росатом" корпорациясы менен атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча келишим түзүүгө белсенип жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 25-мартта “Атомэкспо” форумунда билдирди.
Түштүк кореялык изилдөөчүлөр күрүчтүн данына уйдун клеткаларын өстүрүштү. Азык-түлүк салган желим баштыктар, балдардын оюнчуктары жана медициналык каражаттар жасалган пластикте мурда аныкталгандан 3 миңге көп химиялык зат бар экени аныкталды.
Койдун жүнүндө өсүмдүккө өтө керектүү элементтер бар. Учурда Батыш өлкөлөрү жүндөн жасалган жер семирткичтин пайдасын көрүүдө. Кыргызстан дагы ушул ыкмага өтсө болобу?
Мексикада жоголгон адамдардын сөөгүн термодрондор издей баштады. Акылдуу үйлөрдү курууда ак кумуркалардын тажрыйбасы баалуу табылга болушу мүмкүн. Пандалар деңиз түбүндө да жашашат. Асциядынын бул жаңы түрү илимпоздордун кызыгуусун арттырууда.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери Бишкектин жака белинде 57 жаңы конуш пайда болгон. Акыркы 24 жыл ичинде шаардын аянты бир жарым эсе кеңейген. "Азаттыктын" кабарчысы борбор калаадагы жаңы конуштарды кыдырып, Мурас-Ордодогу кооптуу көлмөлөрдү, жайы-кышы сууга жетпеген Арча-Бешиктин жашоосун, жер чырынан арылбаган Ак-Ордону тартып келди.
Кыргызстанда акыркы жылдары сугат суусу таңсык болууда. Өткөн жылы Таластагы Киров суу сактагычында суу кескин азайып, Манас району менен Казакстандын Жамбыл облусунун айрым райондоруна сугат суу жетпей калган.
Кыргызстанда 5-марттан тарта жарык маал-маалы менен өчүрүлө баштады. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын Бишкектин административдик соту жокко чыгарды. Атазов бул тууралуу комментарий бере элек. "Супершейшембиде" АКШда Жо Байден менен Дональд Трамп ички партиялык шайлоодо жеңди.
Эльза Токтобаева Чолпон-Ата шаарынын тургуну. 50 жылдан бери жылдын кайсы мезгили болбосун көлгө түшүп, көнүгүүлөрдү жасап, ден соолугуна кам көрөт. Ал ушул тапта 21 км марафонго даярдык көрүп жүрөт. 68 жаштагы каарманыбыз Ысык-Көлгө, жаратылышка кам көрүп, шаар тургундарына жардам берүүгө даяр.
Бул күндөрү ошондой эле жол жана тротуарлар тайгак болуп, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө да ыңгайсыздык жаралды. Тийиштүү мекемелер кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирүүдө. Кыргызстанда 16-февралдан тарта катуу суук болуп, көп жерлерде калың кар жаады.
Кыргызстандык геологдор мамлекеттик колдоого муктаж. Жабдуулары дээрлик жарым кылымдан бери жаңырбагандыктан, кыргыз окумуштуулары чет элдик кесиптештери менен атаандаша албай калышты. Жалал-Абаддан табылган жер семирткичтин экологиялык түрүнө көңүл бурулбай, маанилүү долбоор колдоосуз калды.
Дагы жүктөңүз