Улуттук илимдер академиясына караштуу Ботаникалык бак 1938-жылы негизделип, 1996-жылы ага биолог окумуштуу Энвер Гареевдин ысымы берилген. Жалпы аянты 174,17 гектар. Анын 150 гектары Иса Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектардын тегерегиндегиси Максим Горький көчөсүндө жайгашкан.
"Шаардын өпкөсү" деген аталыш ботаникалык бакка союз маалында берилген. Ал кезде борбор калаа КМШдагы жашыл калаалардын бири болчу. Эгемендик алган жылдардан тарта Бишкекте бак-дарактардын аянты кыскарганы айтылып келет. Анткен менен бул корук Бишкек үчүн маанилүү бойдон калууда.
Дендрарий коругунда дүйнөнүн булуң-бурчунан топтолгон бак-дарак, бадал, гүл, дары чөптөрдүн 5,5 миңден ашык түрү бар. 160 гектар аянтты ээлеп жаткан бакча өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү боюнча Борбор Азия жана КМШда биринчи орунда турат.
Бишкектеги көпчүлүк бак-дарактар алгач Ботаникалык бактагы дендрарий коругунда изилдөөдөн өтөт. Эгер Бишкектин климаттык шартында өсө турганы аныкталса, анын көчөтүн отургузууга уруксат берилет.
Ботаникалык бак жыл сайын 38 өлкө менен үрөн алмашып, алардын кыргыз жеринин кыртышына ыңгайлашуусун, көчөттөрдүн өнүмүн изилдейт.
Ботаникалык бак 1938-жылы негизделген. Дендрарийдеги бак-дарактар ошол жылдары отургузула башталган.
Дендрарийдин илимий адиси Галина Малосиева ботаникалык бакта 1984-жылдан бери иштейт.
"Бул Түндүк Америкада өскөн дарак. Кыргызстандын климатына эң сонун ыңгайлашты. Биздин корук дендрарий деген статуска 1968-жылы ээ болгон. Дендрарий деген сөз көркөмдүк үчүн өстүрүлгөн сейрек кездешүүчү дарактар эгилген аймакты түшүндүрөт. Бул жерден 2 миңден кем эмес жергиликтүү жана башка континенттерден алынган ар кандай формадагы дарактардын, бадалдардын жана чырмалып өсүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрүн көрөсүз. Өсүмдүктөр ботаникалык-географиялык тартипте Кыргызстандын, Борбор Азиянын, чет Азия мамлекеттеринин, Ыраакы Чыгыштын, Европанын, Сибирдин, Крым менен Кавказдын, Түштүк Американын секторлорунда жайгашкан".
Дендрарийде уникалдуу бак-дарактардын түрү көп. Алар жыл сайын жаңыланып турат. Мисалы Гинкго билоба Кытайда өсөт. Андан эс тутумду жакшырта турган дары жасалат.
Галина Бишкектеги дарактарды дайыма сугарып туруу керек экенин айтты:
"Бишкектин климаты жагынан жарым чөл жана чөлгө кирет. Мындан улам бак-дарактарды дайыма сугаруу керек. Жаан-чачын бак-дарактар үчүн жетишсиз. Айрыкча жай айларында бак-дарактарды үзбөй сугаруу керек. Кургачылыкка чыдамдуу дарактар аз. Биз бир даракты изилдеп көрүп, аны шаардын ичинде өстүрүүгө ыңгайлашкакндан кийин сөзсүз түрдө мүнөздөмөсүн жана кургачылыкка туруктуулугун же чыдамсыздыгын жазып беребиз. Бишкекте кургакчылыкка чыдамдуу дарактар да өсөт. Бирок алар деле кайсы бир учурда сууга сөзсүз муктаж болот".
Кыргыз бийлиги апрель айында Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын Горький көчөсүндө жайгашкан бөлүгү реконструкцияланып, эс алуучу сейил бак катары ачылганын билдирген.