Кыргызстандын Миграция министрлигинин өкүлдөрү Орусиянын тиешелүү мекеме жетекчилери менен жолугуп, ал жакта “кара тизмеге” кирип калган кыргыз мигранттарынын мыйзамдашуусундагы тоскоолдуктар жөнүндө билдирди.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан 12 жылдык окутууга өткөнүн жарыялады. Биринчи радиого курган маегинде, окуу куралдары даярдалып жатканын жана заманбап стандарттар менен окутуу программалары түзүлгөнүн белгиледи. 12 жылдык окууда балдар мектепке алты жаштан тарта барышат.
Чарбак суу сактагычынын жээгине пландалып жаткан Sea Breeze долбоору Өзбекстанда коомдук талкуунун чордонунда калды. Белгилүү азери ишкери Эмин Агаларов жетектеген бул мегадолбоор экологиялык жана укуктук маселелерди козгоп, социалдык тармактарда бир топ нааразылык жаратты.
Москванын мэри Сергей Собянин РИА Новости агенттигине маек куруп, ар бир мигранттын кирип-чыгышы, каттоого турушу, баскан-турганын аныктай турган атайын программа иштелип жатканын маалымдады.
Аскер прокуратурасы Жалал-Абаддагы аскер бөлүгүндө асынган абалда табылган жоокердин өлүмүн иликтей баштады.
16-июнда Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди атайын кызмат суракка алып кетип, кийинчерээк "кызмат абалынан пайдаланган" деген негизде камалганын билдирди. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Бишкектин райондоруна иш сапары бир катар кармоолор менен коштолду.
Израил армиясы (ЦАХАЛ) шаршембиде Дамаск шаарындагы Сирия армиясынын Башкы штабынын имаратынын кире беришине дрон менен сокку урду. ЦАХАЛ буга чейин Сириядагы этностук друз азчылыгын коргоо үчүн өкмөттүк күчтөргө чабуул коюп жатканын жарыялаган.
Бишкекте Улуттук госпиталдын ординатору менен бейтаптын жакындарынын ортосундагы чыр талкууга түштү. Ординатор бейтаптын жакындары сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.
Британиялык Financial Times басылмасынын Кыргызстандагы криптобиржа жөнүндө иликтөөсүнөн кийин эл аралык, жергиликтүү медиаларда талкуу уланууда. Июндун аягында жарыяланган баяндамада айтылгандай, Кыргызстанда катталган аянтча 4 айда рублге байланган санариптик валюта менен 9 млрд доллар айланткан.
Ооганстанда популярдуу ырчынын дайыны бир айдан бери чыкпай жатат. Музыкага тыюу салынган, акыркы бир нече жылда кеминде эки ырчы атып өлтүрүлгөн өлкөдө Зулала Хашиминин тагдыры тынчсыздануу жаратууда. Ооганстанды башкарган талибдер музыка шариятка төп келбейт деп эсептейт.
Кыргызстандагы таанымал демократ коомдук ишмер жана багбан ишкер Өмүрбек Абдырахманов 77 жашында дүйнө салды. Аны менен бир кезде “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылы” коомдук уюмунда чогуу жүрүп, кичүү үзөңгүлөшү болгон тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин маркумду эскерет.
Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев 12 күндөн кийин кызматтан алынды. Ал ишке киришкен маалда медиалардын бирине маек берип, адаттан тыш билдирүүлөрү менен талкууларга кабылган. Президент Садыр Жапаров анын жүрүм-турумуна көз салып турарын айткан эле.
Дагы жүктөңүз