"Азаттыктын" 2Х1 форматындагы радиовидеомаегинин кезектеги коногу - Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев. Премьер-министр "Азаттыктын" улуттук валютанын кунуна, "Кумтөр" маселесинин азыркы жагдайына, Жогорку Кеңеш менен кызматташтыктын оош-кыйыштарына байланышкан суроолоруна жооп берди.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм" (Я хочу, чтобы Кыргызстан процветал) аттуу дилбаяндар сынагын жарыялайт. Жалпыга маалымдоо каражаттарына өз-өзүнчө аймактар бөлүштүрүлгөн.
Айтматов -1
Миллиондогон өмүрдү алган Экинчи Дүйнөлүк согуштун тагы ушул күнгө чейин кете элек. Азыркыга чейин кан майданга кеткен жакындарын издеп, таппай жүргөндөр арабызда арбын.
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын беш жылдыгына байланыштуу эскерүүлөрдүн сериясын сунуштайбыз. Кезинде убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Эмилбек Каптагаев апрель соту, Бакиевдердин экстрадициясы жана ошол кездеги оппозиция лидерлеринин жоопкерчилиги тууралуу ой бөлүштү.
“Тазар” кинокомпаниясы коомдогу саясий жана башка орчундуу темаларга кыска тамашалуу видеотасмаларын сунуштайт. “Азаттык” радиосу колдогон бул долбоор аркылуу замандаштарды көйгөйлүү көрүнүштөргө жакшылап көңүл буруп, жылмайуу аркылуу алардан тазаланууга үндөйбүз.
“Тазар” кинокомпаниясы коомдогу саясий жана башка орчундуу темаларга кыска тамашалуу видеотасмаларын сунуштайт. “Азаттык” радиосу колдогон бул долбоор аркылуу замандаштарды көйгөйлүү көрүнүштөргө жакшылап көңүл буруп, жылмаюу аркылуу алардан тазаланууга үндөйбүз.
Сарман Курманалиев Экинчи дүйнөлүк согушка, андан ары япон согушуна катышкан. 1940-жылы 20 жашында аскерге чакырылган Курманалиев алты жыл дегенде Ата Журтуна кайтып келген. Ал тууралуу маалыматтарды жана сүрөттөрдү "Азаттыктын" "Биздин тарых" долборуна неберелери алып келип берди.
Кыргыз Эл баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин майданда жүрүп жазган "Алдыга жүргүн кыргыздар!" деген ыры "Ала-Тоо" журналынын 1943-жылдагы 12-санына жарыяланган. Ал журналдын ошол кездеги башкы редактору, акын Жоомарт Бөкөнбаевдин колдоосу менен чыккан. Жоомарт Бөкөнбаев майдандагы жаш жигитке ыры журналга чыкканын сүйүнчүлөп, эл-жерин коргоого шердентип кат жазган экен. Бирок бул эки акын, кыргыз элинин чыгаан уулдары жүз көрүшүп сүйлөшкөн эмес... Жоомарт Бөкөнбаев 1944-жылы автокырсыктан каза тапкан. Акын Сооронбай Жусуев атабыз быйыл 90 жашта, Бишкек шаарында жашайт.
Быйыл 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө 70 жыл толот.
Дагы жүктөңүз