Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Кылмыш

Sorry! No content for 3 Декабрь. See content from before

жума 1 Декабрь 2023

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев сот системасындагы коррупцияны айыптап, судьяларга пара берүүдө адвокаттар ортомчулук кылып жатат деп сындады. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков "УКМК соттордун ишинин сапатына баа бере албайт" деп жооп берди. Сотторго нааразылык коомдо да бар. Кыргызстанда бардык президенттердин тушунда соттордун чыгарган чечимдерине нааразылык айтылып, бийликтен чыныгы сот реформасын жүргүзүү талап кылынып келе жатат.

“Маңзат ишин актаган сот”

Бийлик башындагылардын сот системасындагы коррупцияны, аларга каршы күрөш башталганын биринчи жолу айтып отурган жок. Бирок, бул сапар атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев судьялардын пара алуусуна адвокаттар ортомчу болуп жатат деп айыптады.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Өлкөдө адвокаттар сотко пара жеткирүүчү болуп калды. Адвокаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандардын мыйзамдуу укугун коргобостон, пара жеткирүүчү болуп калды. Пара берүү боюнча өздөрү кылмыш кылып жатат. Судьялар кардарлардан түз пара албайт. Адвокат аркылуу алышат. Муну баарыбыз билебиз”, - деди Ташиев.

Ташиев таза иштебеген жактоочуларды дагы жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле башкы чекист жыл ичинде 5 судья коррупцияга байланыштуу кармалганын, өлкөдөгү 500 фемида өкүлүнүн күн сайын чыгарган чечимдеринин көпчүлүгү коррупция менен кабыл алынып жатат деди.

“Биз, коомчулук жана жергиликтүү бийлик да соттук чечимдердин баары азыркыга чейин пара алуу менен чыгарын билет. Азыр бул бир аз азайды. Соттор пара аларын баары билет. Биз паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатабыз. Ушул жылы беш эле сотту колго түшүрдүк. А биздин өлкөдө 500 судья бар. Алар күн сайын, ай сайын миңдеген чечимдерди кабыл алат. Алардын көбү пара менен чыгат. Биз муну түшүнүп, билип, чара көрүшүбүз керек. Пара алгандардын баарын кармап жоопко тартканга мүмкүн болбой жатат", - деди.

Ташиев мисал катары баңгизатка байланыштуу айыпталгандарды алгачкы инстанциялар 12-13 жылга кесип, бирок Жогорку соттон иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн айтты.

Ташиевге Жогорку соттун төрагасы жооп берди

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков "Азаттыкка" курган маегинде Ташиевдин билдирүүсүн комментарийлеп, Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирди.

Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

“Соттордун ишинин сапатына Улуттук коопсуздук комитети жооп бербейт жана бул алардын укугуна кирбейт. Бул жерде Камчыбек Кыдыршаевич “соттордун арасындагы коррупцияга каршы күрөш” десе ал башка. Ал эми соттордун ишинин сапаты тууралуу сөз болсо анда ал туура эмес болуп калат. Себеби, Кыргыз Республикасынын Конституциясында “соттордун ишине түздөн-түз кийлигишүү үчүн жоопкерчилик бар” деп ачык жазылган. Мен Камчыбек Кыдыршаевичтин сөзүнөн соттордун арасындагы коррупцияга каршы күрөш улантылат деп түшүндүм. Ал эми адвокаттар аркылуу акча алган мурда эле болуп келген. Ыплас иштер менен алектенген адвокаттар сотторго ортомчу болуп пара ташыганы факт. Мен бардыгы ушундай деп айтпайм. Бирок арасында бар”.

Базарбеков буга чейин дагы судьялар арасында таза иштебегендер бар экенин айтып, жазага тартылаарын эскертип келген. Жогорку Соттун маалыматына караганда, аталган мекеменин төрагасы судьяларга карата чара көрүү боюнча “рекорддук санда” сунуш берген жетекчи болууда. 2022-жылдан бери ал 28 судья боюнча 19 сунуштама бергени кабарланган.

Адвокаттар эмне дейт?

Бир топ жылдардан бери иштеп жүргөн адвокат Бакыт Жумашевдин пикиринде, соттордогу коррупцияга жактоочулардын аралашканына тоскоолдук жаратуучу механизм жок. Бирок, Жумашев системадагы жемкорлук судьялардын өзүнөн гана көз каранды экенин айтууда.

“Мурунку судьялар, прокурорлор, тергөөчүлөр, милиция кызматкерлеринин көбү адвокат болуп алышкан. Алардын мурунтан байланыштары бар. Бир прокурор судья болсо, таанышы адвокат болуп калды. Алардын байланышы сөзсүз болот. Ошондой байланыштарга бөгөт койгон чара жок. Экинчиден, судьялар өздөрү коррупцияга шарт түзгөндүктөн анан пара беришет. Аларга жалаң эле адвокат эмес, жөнөкөй кишилер деле берет. Мисалы, бир райондук соттун судьясынын кудасы бар. Элдин баары ошол кишиге барып, судья менен иш бүтүрүшөт”, - деди адвокат.

"Ак үйдөгү сот кураторлору"

Айрым адистер жөнөкөй сот иштериндеги коррупция менен катар Кыргызстанда сот системасы бийликке көз каранды болгондуктан, жалпы реформа ордунан жылбай жатканын белгилешет. Юрист, саясатчы Эркин Бөлөкбаев сот көз карандысыз бийлик бутагына айланган учурда гана коррупция азаят деген пикирде:

“Соттор буюртма гана аткарып калды. Бийлик айтканды аткарып коюп, пара алып жүрө беришет. Соттор Акаев, Атамбаев, Бакиев андан кийин Жапаровдун кол алдында иштешти. Муну бийликтин соту деп койсок болот. Прокурорлор болсо көзөмөлдөбөөчү эмес, жазалоочу болуп калды. “Камалсын” деген гана өтүнүч кылып отурушат”, - деди Бөлөкбаев.

Чынында ар бийликтин тушунда “соттордун ак үйдөгү куратору” болуп келгени жашыруун эмес. Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Манасбек Арабаев, Сооронбай Жээнбековдун тушунда Алмамбет Салиев деген ысымдар ачык аталган.

УКМК сенябрь-октябрь айларында пара талап кылууга шек саналып Бишкекте бир нече сот кармалганын билдирген. Анда эки судья жеңил чечим чыгаруу адвокаттын ортомчулугу менен пара алганы аныкталганы айтылган. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Ал реформанын чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атаган.

Баткен губернаторунун кеңешчиси опузалап пара алууга шектелип кармалган учур. Баткен. 24-ноябрь, 2023-жыл. УКМК тараткан сүрөт
Баткен губернаторунун кеңешчиси опузалап пара алууга шектелип кармалган учур. Баткен. 24-ноябрь, 2023-жыл. УКМК тараткан сүрөт

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси көмүр казуучу ишкананын жетекчисинен "200 миң доллар пара талап кылган" деп атайын кызмат тарабынан кармалып, камакка алынды.

Кыргызстанда буга чейин дагы ар кайсы аткаминерлердин кеңешчилери ири суммада пара менен кармалган учурлар болгон.

Ноябрдын башында президент Жапаров Кыргызстанда коррупция 90% жоюлуп, жемкорлуктан түшкөн каражат менен бюджет көбөйүп жатканын билдирген.

"Кеңешчимдин жосуну таң калтырды"

Өткөн апта соңуңда президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси Талантбек Мамытов "ишкерден 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы үчүн" УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду.

Атайын кызмат тараткан маалыматта ал көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан пара алып жаткан жеринен кармалганы айтылды. Бул окуядан көп өтпөй президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев видео кайрылуу жасап, өзү бул окуяга тиешеси жоктугун, пара алган кеңешчисинен муну күтпөгөнүн билдирди.

Абдикарим Алимбаев
Абдикарим Алимбаев

"Бул маалымат мен үчүн аябай жагымсыз болду. Мамлекетибизде акыркы убактарда коррупцияга каршы катуу чаралар көрүлүп жатканына карабай, Мамытовдун бул жолго барганы мени таң калтырды. Мен аны менен акыркы бир жарым жылдан бери чогуу иштеп келдим, бирок иш учурунда анын мыйзамсыз иш-аракеттерин же терс жактарын байкаган эмесмин. Бул ишке кимдин, кандай тиешеси бар, муну укук коргоо органдары тергөө учурунда аныктап, укуктук баа берет. Баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз", - деди Алимбаев.

Талантбек Мамытов 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Мекенчил" партиясы менен катышкан. Соцтармактардагы баракчаларында ошол кездеги партия лидери, азыркы президент Садыр Жапаровдун колдогон билдирүүлөрдү жазып келген.

Анын жубайы Гүлзара Абдимомун кызы Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өлкө жетекчилерине кайрылып, күйөөсү жалган жалаага кабылганын айтып чыкты:

"Биздин үй-бүлө канчалык жөнөкөй экенин эл билет! Биз ошол жөнөкөй жашообузга шүгүр кылган, азга канаат, жокко сабыр кылган үй-бүлөбүз. Эч качан колубуз жетпеген жашоону кыялданган эмеспиз! Мен жубайы катары анын бизге адал тамак алып келүүсүн айтып тургам жана ишенгем! Аллах бизге бул сыноону бериптир, башыбыздан өткөрүп жатабыз. Бир жамандыктын артында эки жакшылык бар дейт, бул жакшылыктан үмүтүбүз чоң. Мүмкүн, Талант себепкер болуп, көптөгөн мыйзамсыз иштердин бети ачылат".

Кыргызстанда ири суммада пара алып кармалган ар кайсы аткаминерлердин кеңешчилери пара алууга же кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз иштерге барганы тууралуу буга чейин бир нече фактылар ачыкка чыккан.

Быйыл апрель айында Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигеновдун кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров иштен алынган.

Шаардык бийликтеги ишенимдүү булактар "Азаттыкка" Муктарбек Зулпукаров мурдагы “Пионер” эс алуу багындагы жер тилкесине байланыштуу кызматтан кеткенин айтышкан. Кийинчерээк, ноябрдын башында ушул эле мэрдин дагы бир кеңешчиси Абдышүкүр Жураевдин кысымына даттанып, шаардагы "Классик" мейманканасынын директору Жаныбек Ажимаматов арыз менен Ош шаардык кеңешине кайрылган.

Жураев өзү Фейсбуктагы баракчасында муну четке кагып, өзүн каралоо аракети деп билдирген. Жыйынтыгында ишкердин арызын шаардык прокуратура карап, Ош шаар кеңеши атайын отурумунда мэр Бактыбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Жетигенов кеңешчиси боюнча дооматтарга мындайча жооп берген.

"Ал келгенде мен "жардам берет" деген үмүттө кеңешчи кылып алгам. Таксыр болуп жүрсө... Мурда таанычу эмесмин, кийин бул жактан тааныдым".

Кеңешчинин катышуусунагы дагы бир окуя быйыл октябрда Бишкекте катталды. 17-октябрда атайын кызмат Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаев өзү караган иш боюнча "оң чечим чыгарып берүү" үчүн 2 миң доллар алганы боюнча кармалганын билдирген. Судья менен кошо анын кеңешчиси жана досу кармалган.

Сооротуучу кызматпы?

Журналист Канышай Мамыркулова президент баштаган жетекчилердин баарында төрттөн-бештен кеңешчиси бар экенин, бирок алар жетекчиге кандай кеңеш берип, анын ишин кантип илгерилетип жатканын эч ким билбейт дейт:

Канышай Мамыркулова
Канышай Мамыркулова

"Чын эле булардын функциясы - аткара турган иш-аракети эмне, кандай критерийлер менен кызматка алынат, жалпы эле бийликте булардын аткаруучу кызматы кандай? Мына ушул көпчүлүккө белгисиз. Бир байкаганым - кызмат жетпей калган, бийликтеги адамдарга мурдараак кызматы өтүп, кийин четке сүрүлүп калгандарды сооротуучу орунга айланды. Баланча депутаттын кеңешчиси, баланча губернатордун, президенттин, өкмөттүн кеңешчиси деп айтылып... Демек, эптеп бир пайда таба турган кызмат орунга айланган экен".

Көп учурда аларды жең ичинен иш бүтүргөн фигура катары дагы караган пикирлер бар. Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев бир кеңешчинин кайсы бир кылмышка шек саналып кармалганда эле бардык кеңешчилерди айыптай берүү туура эмес деп эсептейт.

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

"Мындай мыйзамсыз ишке барган, кайсы бир кылмышка шектелген адамдар ар бир тармакта бар. Бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей, бир адамдын жагымсыз иши жалпы кеңешчилерге тиешелүү эмес. Ошол эле учурда кеңешчилердин терс иш-аракетин анын жетекчисинин аракети деп түшүнбөө керек. Кеңешчилердин ар бири өзүнө тиешелүү тармак боюнча коомдогу болуп жаткан коомдук-саясий, маданий же башка жагынан иликтеп, тиешелүү кызматкерлерден маалымат алып, ал тууралуу жетекчиге билдирип, маалымат жеткирип турууга тийиш. Коомдогу түрдүү пикирлерге анализ жүргүзүп, ага жооп даярдашы мүмкүн. Кеңешчилер өзүнө бөлүнгөн тармакты мыкты билген, жакшы өздөштүргөн адис адам болушу мүмкүн. Кеңешчинин айтканын, жеткирген маалыматын кабыл алуу же албоо жетекчинин эркинде. Кеңешчилер да берген маалыматынын тактыгына, анын чечилиши же аткарылуучу иштер тууралуу берген багытынын тууралыгына саресеп салып, өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тийиш", - деди Абыкеев.

Министрлер кабинети 23-ноябрда парламентте криминалга жана саясий коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөшү тууралуу кеңири маалымат берген. Анда төрага Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташив саясий коррупциянын тамыры кыркылып жатканын, криминалга аралашкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин баары тазаланып жатканын айткан.

Мунун алдында президент Жапаров Кыргызстанда коррупция 90% жоюлуп, жемкорлуктан түшкөн каражат менен бюджет көбөйүп жатканын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG