Кемпир-Абад иши боюнча камалган айрым саясатчылар жакындарына басым күчөгөнүн айтып чыгышты.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир күн мурун кармалган 11 журналисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга баш калаадагы тергөө абагына (CИЗО-1) камады. Алардын маселеси парламенттин жалпы жыйынында көтөрүлдү.
Өзбекстанда президентти сындаганы үчүн кеминде үч адам түрмөдө жазасын өтөп жатат. Дагы бир кишинин психиатриялык ооруканадагы "күчтөп дарылануу" мөөнөтү узарды. Ал өзү куландан соо экенин айтууда.
5-январда камактагы Арстан Алайдын (Арстанбек Абдылдаев) каза болушу жабык жайлардагы коопсуздук жана кармоо шарттарынын абалы тууралуу маселени күн тартибине чыгарды. Кыйноолорго каршы улуттук борбордун маалыматы боюнча, 2019-2023-жылдарда жабык мекемелерде жалпы жонунан 23 адам өз жанын кыйган.
Кадамжайда 23 жаштагы майып келин жети жыл чогуу жашаган жолдошу сабап, эсине келбей каза болгон.
Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында кылмыш ишин козгоду.
Индияда каза болгон 32 жаштагы кыргызстандык келиндин жакындары бул өлүмдө сырдуу жагдайлар барын айтышууда. Жергиликтүү полиция саякаттап келген Айпери өз жанын кыйганын билдирген.
Кадамжайда 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапты. Окуя 2-январда болгон. Кылмышка шектүү кармалып, тергөө башталды.
Абакта өз жанын кыйды делген коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) менен коштошуу зыйнаты 7-январда Бишкектеги өз үйүндө өтүп, сөөгү Орок айылындагы көрүстөнгө коюлду.
Бүгүн, 8-январда эртең менен Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 1-январда түндө илинген желек кайра алмаштырылып, ордуна Жогорку Кеңеш кабыл алган туу расмий илинди.
Казакстанда мындан туура эки жыл мурда, ушул күндөрү кандуу Январь окуясы болгон. Анда бийликчил басылмалар нааразылыкка чыккандар бир канча кызды зордуктаганы тууралуу маалымат тараткан. Бирок бул кабар кийин далилдеген жок.
Дагы жүктөңүз