Баткенде күнөсканаларда өстүрүлгөн лимондун алгачкы түшүмү терилип, сатыкка чыкты. Аймактагылар анын бир килограммынын дүң баасын 90-100 сом деп бычышты. Түшүмүн Бишкекке алып барып саткандар лимонду келечекте чет өлкөлөргө чейин экспорттоого аракеттенүү керек деген максатты алдыга коюп жатышат.
Бишкек менен Астана "Жол картасынын" жол-жоболорун макулдашты.
Соода борборлор кардар чакыруу үчүн түрдүү акция, арзандатууларды өткөрүп келишет. Бул жолу 24-ноябрдагы Бишкектеги дээрлик бардык ири соода борборлору Black Friday, башкача айтканда товарларга 70% арзандатууну жарыялашкан. Бирок кардарлар баалар көп деле айырмаланбаганына нааразы.
Анара Карабаева Ноокатта төрөлүп, ошол жерде үй-бүлө очогунун түтүнүн булаткан. Жумушсуздук жылуу очогун таштап, Казакстандын Жамбыл облусундагы Тараз шаарында тирилик кылууга мажбур кылган. Жыйырма жылдан бери базарда туруп, ысык-суугуна чыдап, акча тапканы менен өз жерине кайтуу керек деген ой жү
Казакстан сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган кыргызстандык бир нече компаниянын өндүрүмдөрүн киргизүүгө чектөө койду. Мындай чараны Астана Кыргызстандан талапка туура келбеген өндүрүм келип жатканы менен түшүндүрүүдө.
Байкоочулардын эсебинде, бир жыл ичинде автоунаа баасы 5 пайыздан, 20-30 пайызга чейин өстү.
Казакстандагы Алматы шаарынын кийим-кече базарларындагы көпчүлүк соодагерлер кыргызстандык мигранттар. Акыркы убактагы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин чыңалуусу жана чек арадагы абал алардын соодасына, жашоосуна кандай таасир эткендиги тууралуу "Кенжехан" базарында иштеген кыргызстандыктарга су
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кышка отун-суу жетиштүү экенин айтууда.
Кыш түшө электе эле Бишкекте көмүрдүн баасы төрт миң сомдон ашты. Мунун себебин сатуучулар Казакстандан көмүр келбей калганы менен байланыштырууда. Коомчулукта көмүр базарында мына ушундай кырдаал созулса, кара отунду баасы дагы кымбаттайт деген кооптонуу бар.
Чек арада курчуган кырдаалдын соода-сатыкка кедергиси тийип, товарлардын баасы өсүп жатат.
Кыргызстандык соодагерлер Алматыдагы "Алтын ордо" базарында отурушат. Казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалдан улам бул базарда соода солгундап, жер-жемиш кымбаттады.
Жалал-Абадда Евробиримдиктин колдоосу менен 20 айылдагы ишкерлер турмуш-шартын жакшырткан.
Дагы жүктөңүз