Чек арада курчуган кырдаалдын соода-сатыкка кедергиси тийип, товарлардын баасы өсүп жатат.
Кыргызстандык соодагерлер Алматыдагы "Алтын ордо" базарында отурушат. Казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалдан улам бул базарда соода солгундап, жер-жемиш кымбаттады.
Жалал-Абадда Евробиримдиктин колдоосу менен 20 айылдагы ишкерлер турмуш-шартын жакшырткан.
Соцтармактарда “Казакстандагы кыргыз мигранттарын массалык түрдө текшерүү башталды” деген маалыматтар желдей тарады.
Соңку жылдары компаниянын кирешелери уламдан улам төмөн түшүп жатканын белгиленүүдө.
Ноокаттык 67 жаштагы багбан Нармухаммад Тажиматов өз үйүндө мөмө-жемиштин түрүн өстүрөт.
Ош облусундагы Араван району сабиз, пияздын эле эмес, анжирдин да мекени. Анткени жүз жылдык анжир бактары дал ушул Араван районунда көп. Бадал десең дарактай, дарак десең назиктиги гүлдөй, гүл десең гүлдөбөй туруп мөмө байлайт. Кыскасы, Аравандагы анжирдин керемети төмөнкү видеодо.
Абдулла Ариповдун сапарынан соң эки өлкөнүн экономикалык карым-катышы оң жагына өзгөрөт деген үмүттөр жанданууда.
Маркум Ислам Каримовдун тууганы психиатриялык ооруканадан чыккандан бери паспортун ала албай жатат.
Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү “Оймо” фестивалы башталды. Ага жергиликтүү жана коңшу мамлекеттерден келген жүздөн ашык кол өнөрчү катышып жатат. Кароо-сынак төрт күн Бишкек шаарында өтүп, андан ары Чолпон-Атада бир жумага уланат. Адистер он эки жылдан бери өтүп келаткан иш-чарада уздар бири-бири мене
Акыркы убакта Нарында аары багып, асел тарткан балчылар көбөйдү. Эспарцет чөбү жыш өскөн аймакка бал челектерин кырка тизип алып, күнү бою аарылар менен алпурушкан балчылардын түйшүгү кеч күздө гана токтоп, аарыларын кышкы уйкуга узатат. Ага чейин нарындык балчелекчилердин тарткан түйшүгү түмөн, ата
Евразия экономикалык биримдигинин Кыргызстанга берген жеңилдик мөөнөтү аягына чыгууда.
Дагы жүктөңүз