Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин саммити өтүүдө. Анда экономикалык өнөктөштөр соода-сатыкты күчөтүп, Орусия туш болгон санкцияларды талкуулады. Кечээ саммит алдында ири форум өтүп, анда экономикалык байланыш эле эмес, идеологиялык маселелер жөнүндө сөз болду.
Бишкектеги эл үзүлбөгөн Ош базарынын жанында дээрлик бир кылымга жакын тарыхы бар китепкана жайгашкан.
Катуу жааган жамгыр Кара-Суу районунда 580 гектар пахтаны керектен чыгарды. Дыйкандардын көпчүлүгү зыян тартып, ушул тапта эгинди кайрадан эгүүнү ойлонуп жатышат. Кара-Суу районунун Айыл чарба департаменти зыян тарткан дыйкандарга өкмөт тараптан колдоо көрсөтүүгө убада берди.
Улуттук валюта – сомдун кабыл алынганына 29 жыл болду. Сом чейрек кылымдан ашуун ар кыл шартта туруктуулугун сактаган улуттук валюталардын катарына кирди. Орусия-Украина согушунан улам пайда болгон дүйнөлүк валюта кризиси кыргыз сомунда да олку-солкулукту жаратууда.
Норвегия, Түркиядагы жогорку маяналуу ишин таштап, кыргызстандык үч жигит Бишкекке кир жуучу каражаттарды чыгаруучу чакан цех ачкан.
Ысык-Көлдө жергиликтүү фермерлер сандан сапатка өтүп жатат.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кире албай кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйүп, 23-февралда беш чакырымга чейин тизилип турушат.
Соңку беш жылдан бери коңшу Өзбекстандын дыйкандары Ош облусуна ар кандай азык-түлүк товарларын экспорттойт. Жергиликтүү базарды жашылча-жемиш менен камсыздап, өздөрү да киреше табат.
Министрлер кабинетинин №309 токтому үрөндүн жана асыл тукум малдын сапатын арттыруу максатын көздөйт жана ал бир ууч топтун эмес, жалпы дыйкандардын кызыкчылыгын көздөйт.
Дагы жүктөңүз