Кадамжайда 10 жылдан бери бөлмө гүлдөрүн өстүрүп, гүлдөр үчүн атайын күнөска да куруп алган Уулжан Айдарова бул иш ар бир кишинин колунан келет, көп убакыт албайт, иш жеңил кирешеси да бар- дейт. Гүл сүйүүчү жаны гүл үрөндөрүн орусиядан алдырып, жерине, абасына ылайыкташкандай өстүргөн гүлдөрүн кард
Президент Садыр Жапаров кыргыз энергетикасы терең кризисте экенин айтып, электрдин тарифин өзгөртүүнү сунуштады.
Эрулан Кокулов “Не сахар” долбоору менен базарларда мөөнөтү өтүп кеткен товарларды, санитардык талапка жооп бербеген тамак-аш даярдалуучу жайларды аныктап, видеого тартып коомчулукка жарыялайт. Кокулов “Азаттыкка” маек куруп, товар керектөөчүлөрдүн укугу, мамлекеттин кайдыгерлиги жөнүндө айтты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баласынын шайлоого аттанганын кубаттады. ТИМ кызматкери Бахтияр Шакиров эмдөөдөн каза болгон жок. Президент Садыр Жапаров "Инстаграмдагы" баракчасына Орусияга аба каттамдарынын санын арттырууну жана авиабилеттердин баасын жеке көзөмөлүнө алганын жазды.
Ош шаарында киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна Өзбекстандан капитал тартылышы ыктымалдыгын айтты. Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө башталды.
Соңку жылдары ооган базарларында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан ташылган товарга суроо-талап өстү. Өзгөчө азык-түлүк жана курулуш материалдары көп сатылат. Расмий Кабул соода-сатыкты көбөйтүү саясий туруктуулук менен коопсуздук маселесине барып такаларын белгилейт.
Кыргызстанда бензиндин литринин баасы 50 сомдон, дизель 45 сомдон ашып, кымбатташы мүмкүн. Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдө күйүүчү майдын баасы дагы 10 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертип, анын беш себебин атады.
Тажикстанда машина айдоочулар күйүүчү майдын кымбаттаганына нааразы. Ал эми мунай сатуучу компаниялар баа Орусиядан көз каранды болуп жатканын билдирүүдө. Алар көйгөй чечилмейинче бензинди чектелген көлөмдө гана сатышарын айтышат.
Түркиянын тышкы иштер министри Мавлүт Чагушоглы баштаган делегация Бишкекте расмий жетекчилер жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап жатат. Түркиядагы Кыргызстан достук маданият коомунун ардактуу төрагасы, ишкер Айбек Сарыгул менен маекти сунуштайбыз.
Дагы жүктөңүз