“Азаттык+” бул жолу Кыргызстанда искусство жана бизнес тармагында ийгилик жараткан чет элдиктердин жашоосун баяндайт.
Соода борборлор кардар чакыруу үчүн түрдүү акция, арзандатууларды өткөрүп келишет. Бул жолу 24-ноябрдагы Бишкектеги дээрлик бардык ири соода борборлору Black Friday, башкача айтканда товарларга 70% арзандатууну жарыялашкан. Бирок кардарлар баалар көп деле айырмаланбаганына нааразы.
Буудай ташыгандарды салыктан бошоткон мыйзамдын айынан казынага 680 млн сом түшпөй калган.
15 күн ичинде Улуттук банк алты жолу интервенция жасап, 32 миллион доллар сатты.
Чек арадагы кырдаалдан улам Кыргызстандын ички дүң продукциясы 0,3% жоготууга учурап жатат.
"Центерра" Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн астындагы алтынды ачык жол менен казып алыш үчүн андагы муз массасын бузууга уруксат алууну көздөп жатат. Мындай оюн "Азаттыкка" билдирген илимпоз-окумуштуу, физикалык география боюнча адис Темиркул Эшенкулов өкмөттүн "ал эки мөңгүнүн теңинен көб
Улуттук банк соңку аптада 25 миллион доллар сатыкка чыгарып, үч жолу интервенция жасады.
Казакстан сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган кыргызстандык бир нече компаниянын өндүрүмдөрүн киргизүүгө чектөө койду. Мындай чараны Астана Кыргызстандан талапка туура келбеген өндүрүм келип жатканы менен түшүндүрүүдө.
Кыргызстанда балды Кытай, Араб жана Европа өлкөлөрүнө экспорттоого дарамети бар өндүрүштүк ишкерлер пайда боло баштады. Бул арада кытай ишкерлери Кыргызстандын Кара-Кулжа районунан 350 тонна бал сурап жатканы маалым болду.
Doing Business рейтингинде Кыргызстан быйыл 77-орунга түшүп калды. Артка чегинүүнүн себеби эмнеде?
1-ноябрдан тартка "Казминералс" компаниясынын лицензиясы экологияга зыян келтирди деген негизде токтотулган.
Жалал-Абаддын жаңгак токойлорунда жылдан жылга түшүм азайып баратат. Буга жаңгак дарактарынын картайганы жана адамдардын токойду аёосуз кыйып жатканы себеп болууда. Кыргыз жаңгагын сыртка экспортоо үчүн инвесторлор да чыга элек. Мына ушул көйгөйлөр жаңгакзардын мекени аталган Арстанбапта өткөн жаңг
Дагы жүктөңүз