Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Кыргызстанда өзүн тапкан чет элдиктер


Иллюстрация
Иллюстрация

Айрым маалыматтар боюнча ушул тапта 500 миңден ашуун кыргызстандык Орусияда, 50 миңден ашууну Казакстанда миграцияда жүрөт.

Кийинки учурларда Түркияда, араб, Европа өлкөлөрүндө жана АКШда жашап, иштеген кыргызстандык мигранттар көбөйдү. Ал эми Кыргызстанга чет өлкөдөн келип, жеке ишин ачып, үй-бүлө күткөндөр да аз эмес.

“Азаттык+” берүүсү бул жолу Кыргызстанда искусство жана бизнес тармагында ийгилик жаратып, бактысын тапкан чет элдиктердин жашоосун баяндайт.

Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында балет ханышасы болууну көздөгөн бий периштелеринин арасында жапон кызы Мэгуми Мацумото да бар.

- Жапонияда балет мектебине кабыл алуунун өзгөчө деле шарттары жок. Каалоочулардын баары эле балет өнөрү менен машыга алат. Бирок көпчүлүгүнүн дене түзүлүшү балеттин талаптарына дал келе бербейт. Мисалы, бойлору кыска. Андыктан бийчилер абдан тырышчаак келишет.

Мэгуминин мурда атын угуп көрбөгөн жерде жашап, иштеп калышына балет бийчиси Атабек Садыркулов себеп болуптур. Өмүрүн бийге арнаган эки жаш талант Москвада гастроль маалында таанышкан. Атабек жапон кызын Кыргызстанга чакырып, бактысын биротоло кармап калууну чечкен.

- Мэгуминин колун сахнадан сурагам. Спектакль маалында абдан толкунданып жаттым. Көрүүчүлөргө ийилип жаткан маалда гүл менен чыгып, Мэгуминин алдында тизелеп турдум. Үстү жактан шарлар жаады. Ал үчүн сюрприз болду. Ошентип сунуш киргизгем.

Ал эми Ян Ле Коз Кыргызстандагы ийгиликтүү ишкерлердин бири. Учурда Бишкектеги консалтинг компанияларынын биринде эмгектенет. Жергиликтүү жана дүйнөнүн чар тарабындагы ишкерлерге кызмат көрсөтөт.

- Биз учурда “Кумтөр”, “Бозумчак” сыяктуу тоо-кен өнөр жайлары менен кызматташабыз. Ишкерлердин өндүрүмүн дүйнөлүк рынокко чыгарып, Европа товарларын импорттоого көмөктөшөбүз.

Ян Ле Коздун бул кызматты көрсөтө баштаганына бир жылдын жүзү болду. Тез эле тааныш-билиш күтүп, мол тажрыйба топтоого жетишкен ишкер эми соода тармагына гана эмес, өлкөнүн коопсуздук, туризм жагына да салым кошкусу келет.

- Кыргызстанга келген чет элдик коноктор өлкөнүн жаратылышын бир көрүп жактырышат. Бирок аларга жер көрсөтүп, кызыктырыш үчүн тиешелүү шарт түзүп берүү абзел. Ал эми тоолуу аймактарда жашаган жарандарга тез жардам көрсөтүүдө тик учактын ролу чоң. Ушундан улам Кыргызстанга эки тик учак алып келүүгө аракет кылып жатабыз.

"Азаттык+": Кыргызстанга пейили түз чет элдиктер
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:14 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG