Жалал-Абадда быйыл мистенин түшүмү жакшы болуп, баасы да жылдагыдан жогору болуп жатат. Облустагы токой чарбалары быйыл жалпысынан 7 тоннадан ашык мисте жыйноонун камын көрүүдө. Ал арада токойлордон өз алдынча мисте терүү өнөктүгү да күч алды.
Августтун башынан тарта Орусияда рублдин, Казакстанда теңгенин куну түшүүдө. Кыргызстанда да бир доллардын баасы 69 сомдон ашты.
ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Темирбек Ажыкулов курулуш тармагындагы оош-кыйыштар туурасында “Азаттыкка” ой бөлүштү.
Түркиялык ишкер Огулжан Айдомуш өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын мектебине материалдык колдоо көрсөтүүнү чечкен.
Акыркы эки жылда өлкөнүн түштүк аймагында он сегиз тоок чарбасы атаандаштыкка туруштук бере албай жабылган.
Журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүүсүз өлүмүнөн кийин мамлекеттик органдар көлдүн жээгиндеги эс айлуучу жайлардын коопсуздук маселесине көңүл бурууда. Алар пансионаттарда атайын текшерүүлөрдү өткөрүп жатышат. Бирок мындай текшерүүлөр буга чейин деле болуп, анын көбү "бармак басты, көз кысты" принциби менен аяктаган.
Кыргызстандын өнүгүшүнө ар бир жаран салымын кошо алат. Бул тууралуу Москва шаарында жайгашкан Philips компаниясынын Орусия менен КМШдагы мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен иштешүү боюнча директору Назим Турдумамбетов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
Кыргыз ишкери "өкмөт Ысык-Көлдөгү чакан ГЭСтерди ишке киргизүүгө тоскоолдук кылып жатат" деп даттанды.
Ош-Анталия багытында баратып техникалык себептен улам Бишкекке конууга мажбур болгон учактын окуясы иликтенүүдө.
Бөйрөк ооруларынан жабыркаган бейтаптар Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган "Репоэтин" дарысын колдонууга каршы.
Евгений Бадиловский Фейсбуктагы “Freelance Club” уюмунун негиздөөчүсү.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 2018-жылдын бюджетинен 307,2 миллион сом каралган.
Дагы жүктөңүз