30 жаштагы Улан Акунов эки айдан бери үй шартында самын чыгарып жатат. Анын кичи цехи өзү жашаган Нарын районунун Таш-Башат айылындагы үйүнүн тар сарайында жайгашкан. Ал күнүнө 200дөй самын чыгарып, айылдаштарына сатат. Улан мындай иши менен өндүрүштү айылдан да жасаса болорун көрсөттү.
McDonald's компаниясына таандык биринчи ресторан Москвада мындан 32 жыл илгери, 1990-жылдын январында ачылган.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кире албай кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйүп, 23-февралда беш чакырымга чейин тизилип турушат.
Мугалимдердин айлыгын жана пенсиясын көбөйтүү Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. 30-40 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер айына 8-9 миң сом алышууда.
Акыркы жылдары тигүүчүлүк Кыргызстанда суроо-талап жогору кесиптердин бирине айланды. Анткен менен оңой акча таба кое турган кесиптерге кирбейт. Каарманыбыз Жылдыз Абакирова он жылдан бери онго жакын тигүү цехтеринде иштеген.
Сузактык жеке ишкер үч айылды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн чакан ГЭС куруп жатат. Акыркы жылдары Кыргызстанда суу таңкыстыгы пайда болуп, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин азайып, электр энергиясын өндүрүүдө кыйынчылыктар жаралган.
Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну Сыядат Сыдыкова балык багат. Ал өндүргөн продукциясын Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарындагы балык чарбаларга сатат. Сыдыкованын эмгегинин аркасы менен айылда да акыркы жылдары балык чарбалары көбөйгөн.
Сузак районунун тургуну Кахар Эшкозуев асыл тукум уйларды багат. Анын айтымында беш уйдун ордуна бир асыл тукум бодо мал кармоо алда канча пайдалуу.
Өтүп бара жаткан 2021-жылы Кыргызстандын базарларын кымбатчылык басып, азык-түлүктүн кээ бир түрлөрү эки эсеге кымбаттады. Мындан тышкары курулуш материалдарына, күйүүчү майга болгон баалар өстү. Бул жылы Бишкек жана Ош шаарындагы жол кире акысы дагы көтөрүлдү.
Бүгүн- 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берип, өз ишин баштады.
Дагы жүктөңүз