Кыргызстанда бензиндин литринин баасы 50 сомдон, дизель 45 сомдон ашып, кымбатташы мүмкүн. Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдө күйүүчү майдын баасы дагы 10 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертип, анын беш себебин атады.
Тажикстанда машина айдоочулар күйүүчү майдын кымбаттаганына нааразы. Ал эми мунай сатуучу компаниялар баа Орусиядан көз каранды болуп жатканын билдирүүдө. Алар көйгөй чечилмейинче бензинди чектелген көлөмдө гана сатышарын айтышат.
Кыргызстанда “Ишкер аялды колдо” деген ат менен өнөктүк башталды. Анын максаты - ишкерликке ынтызар аялдардын бизнес жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн колдоого алуу болуп эсептелет.
“Дордойдогу” соодагерлерлер менен ишкерлердин ортосундагы пикир келишпестиктин айынан бир нече тигүү цехтеринин иши үзгүлтүккө учурады. Эки тараптын тирешүүсүнө Орусияга кийим ташыган Тажикстандык ишкерлердин соодагерлер менен эмес, кийим тигүүчүлөр менен түз иштешип жатышы себеп болгон.
Чаткал районундагы жубайлар Талантбек Боталиев менен Айзат Бегалиева насыя алып, сүт заводун ачкан. Былтыр дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан улам иши аксаган ишкана жакындан бери кайра жанданды. Учурда ишкерлер сүттү элден сатып алат.
Журналист жана жазуучу Кочкор Борбугуловдун “Багбан” аңгемесинде көпчүлүк кыргыз айылдарына мүнөздүү олуттуу социалдык көйгөй козголгон. Адабиятчы Бекташ Шамшиевдин кезектеги блогу.
Ысык-Көлдө туристтерди тосуп иштеген беш студент кыз пандемияда жумушсуз калганда бош отурбаш үчүн ишкерлик кылууга өтүшкөн. Кыздар алдыдагы майрамдарга карата таттуу белектерди жасап, айылда жаңылык киргизишкен.
Кыргызстандагы Чакан ГЭСтердин консорциумунун жетекчиси Рахатбек Ирсалиев өлкө отун-кубат кризисинен чыгуу үчүн чакан ГЭСтерди куруусу керек деп эсептейт.
Аксы районунун тургуну Бакыт Ашыров Орусияда көп жыл мигрант болуп жүрүп, кийин ишкерлик кылууну чечкен. Кыргызстанге келгенде топтогон акчасына башка канаттуулар менен кошо 20 төө куш алып бага баштаган. Төө куш азыр аксылыктар үчүн жаңылык болуп, аны багууга кызыккандар көп болууда.
Кыргызстанда акыркы кезде бир катар азык-түлүк, курулуш товарлары кымбаттады, машиненин тетиктеринин баасы да көтөрүлдү. Бир литр суу май 160 сомго чейин сатылып, колдонуучулардын нааразы пикирин жаратууда. Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт бул көйгөйдү чечүүгө аракет көрүп жатканын айтты.
Дагы жүктөңүз