Кара-Кулжа районунун Сары-Камыш айылындагы аялдар бычуу, тигүү, токуу чеберчилигине каныгып, жасаган буюм-тайымдарын Интернет аркылуу сатып,пайда табуу ыкмаларын үйрөнүп жатышат.
Кыргызстанды дүйнө элине тааныткан жер жөнүндөгү тасманы сунуш кылайын. Түштүктө Жер планетасындагы эң ири жана кооз жаңгак токою - Арстанбап жайгашкан.
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден бери эмнеден утуп, эмнеден уттурду?
Жогорку окуу жайды аяктап, бирок ишти шаардан эмес, айылдан баштаган ишкерлердин бири - Атабек Турдакунов. Азыр ал топоздун этин Интернет аркылуу жарнамалап жүрөт. Атабектин 300гө жакын топозу бар. Келечекте топоздун этин дүйнөгө Кыргызстандын бренди катары таанытуу ниети бар.
USAID каржылаган “Демилгелүү Жаштар” долбоору жыл сайын жаштардын форумун уюштуруп келет. Максаты жаштардын башын бириктирип, алардын оюн угуп, көйгөйлөрүн чогуу талкуулап, багыттарды аныктап, аны чечүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу.
Орусия Кыргызстандан ташылган тонналаган жашылча-жемишти киргизүүдөн баш тарткан учурлар көбөйдү.
Бишкекте аялдар ишкердигинин дүйнөлүк күнү "Өз алдынча болуу эркиндиги" урааны алдында белгиленди. 20-ноябрда өткөн иш-чарада ийгиликке жеткен ишкер айымдар өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жыйын куруп, элин балык багууга чакырды.
Кыргыз өкмөтү үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранган.
Алтай талааларына ноябрдын аягында калың кар түшүп, уюлгуган ызгаар шамал шаштыны кетирет. Бирок жергиликтүү тургундар ошол шамалды зарыгып күтүшөт.
Өкмөт жашоого зарыл 300дөй дарынын баасын чектөө боюнча токтом кабыл алды.
Казакстанда референдумду өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн жыйын жаңжал менен коштолду. Тажикстандык мигрант Орусияда кулчулукка кабылганын айтып чыкты. Алтынга тете тообурчак. Ызгаарга карабай аны терип күн көргөн алтайлыктар. "Каректе Евразия" берүүсүндө бул жолу ушул баяндарды сунуштайбыз.
Дагы жүктөңүз