Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театрында үч муундун акындарынын башын бириктирген “Ыр өмүр” поэзия кечеси өттү. Кечеге аттын кашкасындай таанымал акындар менен катар миграцияда жүргөн жана элетте жашаган калемгерлер да катышты.
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын көзөмөлдөө кызматында жети айым эмгектенет. Алар концерт-салтанаттарда элди тейлеп, кечигип келгендерди өз орундуктарына жайгаштырышат. “Азаттык” 15 жылдан бери эмгектенип жаткан Ракат Калыйбаеванын машакаттуу жумушу менен тааныштырат.
Бишкекте "Жай-2023" мода көргөзмөсү өттү. Иш-чара Дордой-Плаза борборунун чатырында өттү. Мында жергиликтүү жаш дизайнерлер өз коллекцияларын коюшту.
12 -майда Бишкекте оркестрлер арасында II республикалык сынак жыйынтыкталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 600гө жакын өнөрпоздор катышып, таланттарын тартуулашты.
Жаз-жай айларында шаардан көчө музыканттарын кезиктирүү кадыресе көрүнүш. Бул маданият Бишкекте кандай өнүгүп жатканын “Азаттык плюстан” көрүңүз!
"Азаттык" бул жолу Жалал-Абаддын облус борборунан 350 чакырым алыс жайгашкан Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына барды. Өмүрүнүн 40 жылын тигүүчүлүккө арнап, айылдын кыз-келиндерине да жумуш таап берген 75 жаштагы Байскан Көчөрбаева боюнча айтып беребиз.
Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы тургуну Айтурган Кочкорова "Резин Арт" технологиясын үйрөнүп, түркүн буюмдарды жасап сатат. Анын кол эмгегинен чыккан буюмдарга кызыгып, Москвадан бери буюртма бергендер бар. Чайырдан же эл арасында айтылгандай смоладан буюм жасоого кызыккандарга сабак өтө баштады.
Салтка айланып калган кезектеги эл аралык жаз фестивалы Бишкекте өттү. Он сегизинчи ирет өтүп жаткан саамалыкка бул ирет Кыргызстан, Австрия, Италия, Израил өлкөсүнүн музыканттары катышты.
Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларын камтыган “Булбулум, булбулум ай” деген китеп жарык көрдү. Тарых музейинде өткөн иш-чарада акындын обондуу ырлары жаңырып, чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулду. 20-апрелде өнөр ээсинин көзү өткөнүнө үч жыл толду.
Бишкектин четиндеги Новопокровка айылынын тургуну Виктор Сильчик "Азаттыкка" короосунан байыркы карапа таап алганын айтып кайрылды. Тарыхчы, археолог Кубат Табалдыев бийиктиги эки метрге чукул чоподон жасалган карапа VIII-XI кылымга таандык экенин айтууда.
Сүрөтчү Нургуяна Иннокентьева Кыргызстандагы 2005-2010-жылкы ыңкылаптардын урунтуу учурларын чагылдырган “Революция портреттери” деген сериядагы сүрөттөрдү тарткан. Якут кызы 30 жылдан бери Кыргызстанда жашайт.
Улуттук “Манас” театрынын кызматкерлери Нурсултан Малдыбаев менен Азамат Асанбековдун комуздун коштоосунда ырдаган тамашалуу ырлары социалдык тармактарда жылуу кабыл алынууда. Алар социалдык көйгөйлөрдү, коомчулукта талкуу жараткан окуяларды ырга салып, элге тамаша менен жеткирип жатат.
Дагы жүктөңүз