Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын эмгек жамааты татарстандык жазуучу Аяз Гилязовдун “Үч карыш жер” драмасынын негизинде сахналаштырылган "Жат эмесмин" аттуу спектаклди тартуулашты. Чыгарма Советтик репрессияга кабылып, мекенине кайтпай калган адамдардын жаркын элесине арналган.
Айтыш өнөрү жаңы муун менен толукталууда. Алардын катарында өз дарамети менен башкалардан айырмаланган Кутман Садыбакасов да бар. 22 жаштагы төкмө акын 2022-жылы өлкөдө өткөн үч айтышта баш байгеге татыган. Жаш талант төкмөлүк өнөр менен катар обончулукту да аркалап келүүдө.
Кыргыз Эл артисти Замирбек Сооронбаев саламаттыгына байланыштуу сахнага чыкпай калган акыркы жылдары «Театр – менин айтып бүтпөс дастаным» аттуу китеп жазды. Болочок актерлордун насаатчысы. Актер жана режиссер «Азаттыкка» сыябан маек курду.
Жаш ишкерлер Эржан Эмилбаев менен Эрмек Алтымышбаев “Чопо арт” борборун негиздешти. Бул жерде каалоочулар өз колу менен чоподон каалаган буюмун жасап, эс алса болот. Карапачылык өнөрдү заманбап турмушка алып келүүнү максат кылган негиздөөчүлөрдүн айтымында бул ден соолукка да пайдалуу.
24-январда Чүйдүн Москва райондук соту төкмө акын Болот Назаровго “тоноо” фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин кыскартты. Темир тор артында үч айга чукул отурган төкмө акынды бул арада үзөңгүлөштөрү, калың эли колдоп турду.
Композитор Наргиза Курманова өлкөдөгү симфониялык оркестрге дирижерлук кылган жападан жалгыз айым. Ал бир эле убакта Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык-симфониялык оркестрде жана Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында эмгектенет.
Кыргыз Эл артисти Советбек Жумадылов Кыргыз театр сахнасындагы «психологиялык реализмдин» башатында турган интеллектуал актер болгон. Мындай баасын театр таануучу, публицист Кыргыз Эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов «Азаттыкка» курган маегинде берди.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Азиз Мурадилаев 17-декабрда узакка созулган оорудан улам каза болду. Боордун циррозу менен жабыркап келген актер 44 жашта болчу.
Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүркановдун "Байдылда жөнүндө кыска баян", "Асылдар", "Ак тилек" аттуу китептери жарык көрдү. Өзүнөн улуу муундагы классик акындардын көчүн улаган калемгер учурда да чыгармачылык менен кызуу алектенүүдө.
Мурда угуп жүргөн эле чыгарманы жаңылап ырдап чыгып, эл оозуна алынып, күйөрман топтой алгандарды тааныйсызбы? “Азаттык+” кавер аткарып таанылган жаштарды көрсөтөт.
Дагы жүктөңүз