Белгилүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды. Геннадий Базаров "Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири катары белгилүү. Базаров 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасын тасмага айлантып, жалпы элге кеңири таанылган. Мындан сырткары "Каныбек" "Карагыз", "Аномалия", "Нонсенс" жана башка толук метраждуу көркөм тасмаларды тарткан.
Геннадий Базаров - киного арналган өмүр

1
Режиссёр Геннадий Базаров өзү тарткан "Буктурма" тасмасында. 1968-жыл.

2
“Буктурма” тасмасын тартуу учурунда. 1968-жыл.

3

4
Кинорежиссёр Геннадий Базаров менен кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиев. 1974-жыл.

5
Геннадий Базаровдун "Буктурма" тасмасын тартуу учуру. 1968-жыл.
Режиссер 1968-жылы өз алдынча "Буктурма" (сценарийдин авторлору Х.Булатов, Дегальцев, А.Шаршенова) көркөм тасмасын тарткан. Ошол жылы Мурза Гапаровдун сценарийи менен "Көчө" толук метраждуу тасмасын тартып, көпчүлүктүн назарына түшөт.
Режиссер 1968-жылы өз алдынча "Буктурма" (сценарийдин авторлору Х.Булатов, Дегальцев, А.Шаршенова) көркөм тасмасын тарткан. Ошол жылы Мурза Гапаровдун сценарийи менен "Көчө" толук метраждуу тасмасын тартып, көпчүлүктүн назарына түшөт.

6
Геннадий Базаров “Буктурма” тасмасында. 1968-жыл.

7
"Буктурма" тамсасын тартуу процесси. 1968-жыл.

8
Геннадий Базаров тарткан "Көчө" тасмасы 1972-жылы Токтогул ГЭСи жаңы гана курула баштаганда тартылган. Сценарийи Мурза Гапаровго таандык.

9
"Кыргызфильмдин" режиссеру Геннадий Базаров съемка учурунда. Сүрөттүн автору Жоробаев. 1989-жыл.

10
Бул сүрөттө айтылуу режиссерлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов бар.

11
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги иш-чара. 14-май, 2022-жыл.

12
1970-жылдары режиссёр өзүнүн атактуу “Көчө” жана “Зеница ока” тасмаларын тарткан. Ошол учурда кыргыз киносунун азыркы заман темасын активдүү козгоп, коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын бекитүүгө, адамдардын эмгеги менен эрдигин, ички дүйнөсүн чагылдырууга көңүл бурган. 1980-жылдардын ортосунан тарта “Биринчи”, “Приют для совершеннолетних”, “Заговор”, “Аномалия”, “Каракыз”, “Метаморфоза”, “Исход”, “Жаннат”, “Нонсенс”, “Ноктюрн”, “Солёная долина”, (Туздуу чөл) аттуу көркөм тасмаларды жараткан.

13
Өткөн жылы "Азаттыкка" курган соңку маегинде Геннадий Базаров өзүнүн 80 жылдык маарекесинде "эң мыкты, балким акыркы тасмамды тартам" деген кыялын айткан эле.