Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театры 85 жылдык мааракесине карата отчёттук театр жумалыгы менен Бишкекке келди. Чыгармачыл топ борбор калаадагы сапарын Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин "Оо, кыздар" драмасы менен жыйынтыктады.
Улуттук телерадиоберүү корпорациясында жарым кылымдай кызмат өтөгөн атактуу диктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытов менен коштошуу зыйнаты УТРКнын студиясында өттү.
Медициналык академияны аяктаган Алихан Ибраимов төрт жылдан бери адабият, тил илимине да кызыгып, бул жаатта бир топ иштерди жасап келет.
Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында Жеңиш күнүнө карата “Атадан калган туяк” спектакли көрсөтүлдү.
25-апрелде Кыргызстанда салттуу музыка күнү белгиленди. Аталган майрам быйыл 18-жолу өткөрүлүп жатат. Ага Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Орусиянын Алтай жана Тыва Республикаларынын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин акка моюн сунганына 20-апрелде эки жыл болду. Иманалиев акындык, обончулук өнөрүнөн сырткары өлкөдөгү орчундуу окуяларда атуул катары өз позициясын билдирип келген.
Жаш түгөйлөр Нурсултан Кадыр уулу менен Зульфия Жумалиева Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын актёрлору. Жубайлар театрдан алган 7 миң сомдун тегерегиндеги маянасы менен турмуш арабасын сүйрөп келе жатышат. Таланттуу үй-бүлөнүн күнүмдүк турмушу менен тааныштырабыз.
29 жаштагы Бактыгүл Рыспай кызы Бишкектеги ишин таштап, Жумгал районунун Чаек айылына кайтып келген.
27-марттан бери Улуттук кыргыз драма театрында белгилүү драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде даярдалган “Төлгө” спектакли көрсөтүлүүдө.
Жумгалдагы Чаек айылынын 12 жаштагы тургуну Нуражар Муслимова тайганчылык өнөргө кызыгат. Азыр анын төрт тайганы бар. Эки жылдан бери облуста өткөн салбуурун мелдештерине күлүк тайгандарын катыштырып, биринчиликти эч кимге бербей келүүдө.
Жыгач уста Улукбек Байгараев талаа түздөн таап келген тал-теректер менен жаныбарлардын сөлөкөттөрүн жасайт. Ал эмгектери аркылуу жаратылышта болуп жаткан көйгөйлөрдү чагылдырып, аны коргоого чакырат.
Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Адил Эмилбек уулу түтүн менен сүрөт тартат. Ал өзүнүн эмгектери менен элди экологияны сактап, жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөйт.
Дагы жүктөңүз