Бишкекте эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык кыргыз-казак айтышы өттү. Бул айтыш ошону менен катар “Айтыш” фондунун 20 жылдыгына, Жеңижок Көкө уулунун 160 жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналды. Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түздү.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 24-августта ачылган "Жаңы социалдык реализм" көргөзмөсүнө эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиевдин эмгектери да коюлган. Анын "Ата-Бейит" аттуу картинасы коомчулукта чоң талаш-тартыш жаратты.
24-25-августта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эл аралык казак-кыргыз сармерден оюну өттү. Бул сармерден канатташ эки элдин ортосундагы алгачкы ирет өтүп жаткан кыз-жигит оюну.
Нарында “Шырдак” фестивалы онунчу ирет өттү. Эл аралык деп айтылган бул иш-чарада 7 облустун уздарынын кол эмгектери көрсөтүлдү. Кыргыз шырдагын дүйнөгө таанытууну көздөгөн бул фестивалга чет өлкөлүк туристтер келгени менен кол өнөрчүлөрдүн соодасы анчейин кызыган жок.
23-августта А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Казакстан Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз эл акыны Мухтар Шаханов менен жолугушуу өттү. Иш-чарага белгилүү коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты. Быйыл 79 жашка чыккан Мухтар Шаханов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын арк
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунда кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин "Алтын өрөөн" республикалык фестивалы уюштурулду.
Бишкектеги Эмен паркында кыргызстандык Арууке Сыдыкалы кызынын сүрөт-көргөзмөсү өтүүдө. Пейзаж жанрына басым жасаган сүрөтчү быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон кандуу окуяларды да өз эмгектеринде чагылдырган.
Белгилүү актер, режиссер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мурат Мамбетов «Азаттыкка» сыябан-маек куруп, чыгармачылык сапарындагы кызыктуу учурлары, даңазалуу актер Талгат Нигматулин тууралуу айтып берди. Мамбетов чыгаан кинорежиссер Болот Шамшиев тарткан «Бөрү зындан» кинотас
Корей кызы Хе Венеранын кыргыз баласы менен турмуш курганына быйыл 25 жылга чамалады. Бул жылдар аралыгында кыргыз салтына көнүп, Таластын күлчөтайын да даярдап, каадасын да карманып калганы учуру. "Азаттык" Хе Венеранын үйүндө болуп, анын жашоосу менен таанышып келди.
Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы мом фигураларынын (восковые фигуры) музейи жылына үч ай гана иштейт. Ал туристтик сезон маалында чет элдиктерди кызыктырган өзгөчө жайлардын бири. Көгүлтүр көл жээгинде жайгашкан бул музейде дүйнөлүк лидерлердин жана жылдыздардын момдон жасалган айкелдери бар.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү саясатчы, акын Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун жаш акындар арасында уюштурган "Жаш толкун" поэзия сынагы уланууда.
Алай районунун Сары-Могол айылында жарым кылым мурда курулган үй музей бар. Өткөн жылы расмий ачылып иштей баштаган жай учурда туристер жок ээнсиреп турат.
Дагы жүктөңүз