Апрель айында Таласта сел жүрүп, элдин чарбактарын суу жууп кетти. Адатта сел коркунучу төмөн аймактагы селдин кесепеттери эсептелип, анын себептерине саресеп салынууда. Жергиликтүүлөр экологиялык нормалар аткарылбай, көзөмөлдүн жок болгону суу каптоого себеп болгонун айтышууда.
Кырсык

Барпы айыл аймагынын Насосный участкасынын тургуну Айдана Мухаммед кызынын үч бөлмөлүү үйүнүн ичи ылайга толуп, дүкөнүндөгү азык-түлүгү сууга аккан. Үйдүн терезесине чейин агып келген суу дубалды жырып өткөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 21-апрель саат 23:00гө карата берген маалыматына ылайык, Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптаган.