14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, ал агызып кеткен баланын сөөгү табылды. Дагы төрт киши изделип жатат. Ошто Ак-Буура дарыясы ташып, базарды каптады, өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. "Азаттык" базарга барып, ал жердеги абал менен таанышты.
Кырсык
жекшемби 20 Апрель 2025
Акыркы күндөрдө өлкөнүн бир катар аймактарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, 15тей адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган Ноокат районунда жана башка жерлерде азыркы тапта абал кандай? Эмне себептен мындай окуялар болуп жатат?