Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:50

Экономика

Тажик президенти Эмомали Рахмон жаңы завод куруу сунушун айтты. Иллюстрация сүрөт.
Тажик президенти Эмомали Рахмон жаңы завод куруу сунушун айтты. Иллюстрация сүрөт.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Борбор Азияда мунай иштетүүчү жаңы завод курууну сунуштады. Бирок, эксперттердин айтымында, маселе заводдордун жетишсиздигинде эмес. Аймакка туруктуу мунай жеткирүүнү, логистиканы жана ички рынокту өнүктүрүүнү колго алуу зарыл. Болбосо импорттон көз карандылык күчөйт.

Борбор Азия дагы бир мунай иштетүүчү ири заводго муктаж. Мындай пикирин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон август айынын башында Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын башчыларынын бейрасмий саммитинде билдирди.

Рахмон биринчи кезекте аймактын ички керектөөсүн жаба ала тургандай ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады. Анын айтымында, мындай ишкана Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдап, күйүүчү майга болгон өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга жардам берет.

Борбор Азиядагы ири мунай ишканалары
Борбор Азиядагы ири мунай ишканалары

«Келгиле, бүгүнкү күндүн шарттарын эске алуу менен бул өзгөчө маанилүү маселени баарыбыз биргелешип талкуулап көрөлү», — деди Тажикстандын президенти.

Бир караганда бул сунуш логикалуу көрүнөт: Кыргызстан менен Тажикстан импортко келүүчү, биринчи кезекте Орусиядан ташылуучу кара майдан абдан көз каранды. Бирок чынында көйгөй Борбор Азияга күйүүчү-майлоочу продукцияны кайра иштетүүчү ишканалардын жетишсиз болуп жатканында гана эмес.

Борбор Азиядагы ири мунай ишканалары

Аймакта мунайды кайра иштетүүчү ири ишканалар азыр деле бар.

Номиналдык кубаттуулугу боюнча эң ири мунай иштетүүчү ишкана болуп Түркмөнбашы мунай иштетүүчү заводдор комплекси эсептелет. Ал Түркмөнстандын батышында, Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан жана теориялык жактан алып караганда жылына 10 миллион тоннага чейин мунай иштете алат. Бирок иш жүзүндө заводдор өз кубаттуулугунун болжол менен жарымын гана пайдаланып жатат.

Түркмөнстандын чыгышындагы Сейди мунай иштетүүчү заводу аймактагы коңшу өлкөлөргө жакыныраак жайгашкан. Анын долбоордук кубаттуулугу жылына 6 миллион тоннаны түзөт, бирок иш жүзүндөгү жүктөмү мындан кыйла төмөн. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде завод 100 миң тоннадан аз мунай иштеткен.

Казакстандын үч ири мунай иштетүүчү заводу Атырау, Шымкент жана Павлодар шаарларында жайгашкан. Келечекте өлкө алардын өндүрүштүк кубаттуулугун олуттуу көбөйтүүнү пландап жатат.

Атырау мунай иштетүүчү заводу өлкөнүн батыш аймактарында өндүрүлгөн мунайды иштетет. Ал дээрлик толук кубаттуулукта иштеп, жылына болжол менен 5,5 миллион тонна мунай иштетет. Жакынкы жылдары анын кубаттуулугун дагы бир миллиондон ашык тоннага көбөйтүү пландалууда.

Казакстандын түштүгүндөгү Шымкент мунай иштетүүчү заводу Кеңкияк – Кумкөл мунай кууру аркылуу өлкөнүн батышындагы мунай кендерине туташкан. Анын кубаттуулугу жылына болжол менен 6 миллион тоннаны түзөт. Ал эми жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү эки эсе көбөйтүү мерчемделүүдө.

Казакстан
Казакстан

Казакстандын түндүгүндөгү Павлодар мунай иштетүүчү заводу жылына 6 миллион тонна мунай иштетүү кубаттуулугуна ээ. Ал 1978-жылы пайдаланууга берилген жана негизинен Батыш Сибирден келген мунайга ылайыкталып курулган. Бүгүнкү күнгө чейин завод негизинен Омск–Павлодар кууру аркылуу жеткирилген орус мунайын кайра иштетет. Анын кубаттуулугун жылына 9 миллион тоннага чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Өзбекстанда мунайды кайра иштетүүчү эки ири объект бар. Фергана мунай иштетүүчү заводу менен Алтыарык өндүрүш аянтчасынын долбоордук кубаттуулугу жылына болжол менен 6 миллион тоннаны түзөт. Бирок иш жүзүндө алар мындан кыйла аз көлөмдө мунай иштетишет.

Жылына 2,5 миллион тонна кубаттуулугуна ээ Бухара мунай иштетүүчү заводу чийки мунай менен катар газ конденсатын да кайра иштетет.

Кыргызстан менен Тажикстанда салыштырмалуу чакан бир нече мунай иштетүүчү завод бар. Бирок алардын иштетүү көлөмү аймактык рынокко олуттуу таасир тийгизе албайт.

Жаңы ишканалардан жардам болобу?

Ошентип, Борбор Азияда мунай иштетүүчү кубаттуулук бар болгону менен аймак боюнча текши жайгашкан эмес жана дайыма эле чийки зат менен камсыз боло бербейт. Натыйжада айрым өлкөлөр импорттон көз каранды бойдон калууда.

Мындай көз карандылык өзгөчө Кыргызстан менен Тажикстанда күч. Эки өлкө тең бензиндин олуттуу бөлүгүн башынан эле Орусиядан импорттойт. Кыргызстанда бул көрсөткүч айрым учурларда 90 пайызга чейин жетет, ал эми баасы дүйнөлүк рыноктогудан төмөн.

Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдуу согушу башталгандан бери мындай көз карандылык бир кыйла кооптуу болуп калды. Айрыкча бул жагдай акыркы кезде Орусияда украин дрондорунун чабуулдарынан улам жаралган күйүүчү май кризисинде даана байкалууда.

Тажикстандын Хатлон облусундагы Дангара мунай иштетүүчү заводу негизинен курулуп бүтүп калды. Аны салууга Кытай жардам берди, теориялык жактан жылына 500 миң тоннадан ашык мунай иштете алат.

Чийки заттын жоктугунан завод көп жыл толук иштей албай келген. Мунайды туруктуу жана ыңгайлуу шартта жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн эмес. Казакстандан, Түркмөнстандан жана Ирандан алуу варианттары каралган, бирок алардын бири да туруктуу негизде ишке ашкан эмес.

Тажикстан
Тажикстан

2025-жылы Дангара мунай иштетүүчү заводу сыноо режиминде иштей баштаганы кабарланган. Бирок чийки затты үзгүлтүксүз жеткирип туруу кепилдиги болбосо анын туруктуу кирешелүү иштеши кыйын болорун дүйнөлүк энергетика рыногу боюнча талдоочу Борис Аронштейн белгилөөдө.

«Эң негизги маселе – жылына кеминде бир миллиондон эки миллион тоннага чейинки көлөмдө чийки зат менен камсыз кылуу. Эгер мындай көлөм жеткирилип турбаса жана завод толук кубаттуулукта иштебесе, анда инвестициялардын өзүн актоо көрсөткүчү кескин төмөндөйт. Анткени завод жылына бир миллион тоннадан аз мунай иштетсе, чегине жетет да чыгым тарта баштайт», – дейт Аронштейн.

Дангара заводунун тарыхы Борбор Азияда мунай иштетүүчү жаңы заводдорду куруу идеясындагы негизги көйгөйлөрдүн бирин айкын көрсөтүп турат: аларды чийки мунай менен туруктуу негизде кантип камсыз кылуу керек?

Чийки затты жеткирүүнүн талаптагыдай логистикалык чынжырчасынын жоктугу – аймактагы мунай иштетүүчү заводдордун үзгүлтүксүз иштешине тоскоол болгон факторлордун бири. Борбор Азия өлкөлөрүнүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан алар Перс булуңундагы мамлекеттер сыяктуу мунайды танкер менен ташый алышпайт. Мындан тышкары, аймактын мунай инфраструктурасынын олуттуу бөлүгү башынан эле Орусиянын жеткирүү жана кайра иштетүү системасына байланып калган.

Глазго университетинин Евразия изилдөөлөрү боюнча профессору, саясат таануучу Лука Анчесинин пикиринде, мурдагы логистикалык байланыштардын үзүлүшү Борбор Азия өлкөлөрүнө жаңы маршруттарды түзүүгө түрткү бериши мүмкүн.

«Маселе деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Борбор Азиянын географиялык шартында ресурстарды пайдалануу куурларга, сактоочу жайларга жана башка инфраструктурага узак мөөнөттүү инвестиция талап кылганында. Мунун баарына кыска мөөнөттө жетишүү оор. Бирок өлкөлөр бекем аймактык рынок түзө алышмак. Анда, мисалы, Казакстан менен Түркмөнстандагы ашыкча ресурстар Борбор Азиянын өзүн камсыздоого колдонулуп, сыртка экспорттолбой калмак», – дейт Анчески.

Ошондуктан маселе дагы бир мунай иштетүүчү завод курууда эмес. Аймакта салыштырмалуу көз карандысыз күйүүчү май рыногун түзүү үчүн логистикалык байланыштарды өнүктүрүү зарыл. Мисалы, Батыш Казакстандан өндүрүлгөн чийки мунайды керектүү көлөмдө аймактын башка өлкөлөрүндөгү заводдорго жеткирүү мүмкүнчүлүгүн түзүү зарыл. Бул үчүн инфраструктурага инвестиция менен катар мамлекеттер аралык саясий макулдашуулар да талап кылынат.

Орус мунайын аймакта кайра иштетүү канчалык реалдуу?

Азырынча көбүрөөк талкууланып жаткан дагы бир модель бар: Казакстан мунай иштетүүчү үч ири заводунун кубаттуулугун кеңейтүү менен катар төртүнчү завод курууну пландап жатат. Анын болжолдуу кубаттуулугу жылына 10 миллион тонна мунайды түзөт. Май айында бийлик өкүлдөрү долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иштери башталганын билдиришкен.

«Казакстанда төртүнчү ири мунай иштетүүчү заводду куруу долбоору практикалык баскычка өтүүдө. Долбоордун баштапкы техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу башталды. Келечектеги ири комплекс жылына 10 миллион тоннага чейин мунай иштете алат деп болжолдонууда. Казакстан келечекте мунай-химиялык кластердин борборуна айланышы мүмкүн болгон ири мунай иштетүүчү комплексти курууга даярдык көрө баштады», — деп маалымдаган Казакстандын Энергетика министрлигинин сайты.

Бирок Казакстандын бул модели да аймактагы мунай иштетүүчү кубаттуулукту көбөйтүү боюнча башка пландар сыяктуу эле бир суроого барып такалат: кошумча чийки мунай кайдан алынат?

Казакстан өлкө ичинде кайра иштеткенден кыйла көп мунай өндүрөт. Бирок өндүрүлгөн мунайдын олуттуу бөлүгү чийки бойдон экспорттолот жана экспорт көлөмүнүн чоң бөлүгү буга чейин түзүлгөн келишимдерге, калыптанып калган каттамдарга байланышкан.

«10 миллион тонна деген чоң көлөм. Казакстан дагы 10 миллион тонна мунайды кайдан табат? Эгер азыр Орусияга дагы ушундай көлөмдөгү бир мунай иштетүүчү завод кошулса, ал да муну камсыздай албайт эле. Азыр алардын өндүрүшү дээрлик эң жогорку деңгээлде иштеп жатат. Казакстандын кендери да максималдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жакын иштеп жатат», — дейт талдоочу Борис Аронштейн.

Мунай жеткирүү багыттарынын өзгөрүшү да бул жагдайга таасир этиши мүмкүн. Украина Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго дрон соккуларын улантып жаткан шартта Москва коңшу өлкөлөрдүн, анын ичинде Казакстандын ишканаларына кызыкдар болушу мүмкүн.

Июлдун аягында Reuters агенттиги Казакстандын Энергетика министрлигине шилтеме берип Астана Москва менен орус мунайын казак заводдорунда кайра иштетүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын жазган. Максаты алынган продукцияны Казакстандын ичинде сатуу жана анын бир бөлүгүн кайра Орусияга экспорттоо экени маалымдалган. Министрлик көлөм, шарттар же кайсы заводдор катышып жаткандыгы тууралуу маалымат берген эмес.

Бирок, байкоочулардын пикиринде, Казакстандын орус мунайын кайра иштетүүгө же Орусияга күйүүчү май жеткирүүгө активдүү катышуусу Астанага санкциялык жана репутациялык жактан кошумча коркунучтарды жаратышы мүмкүн.

Дагы бир маанилүү маселе бар — күйүүчү май өндүрүүнүн экономикасы. Борбор Азиянын көптөгөн өлкөлөрүндө бензиндин баасы узак убакыт бою мамлекеттик жөнгө салуу, субсидия же Орусиядан келген салыштырмалуу арзан продукция менен кармалып келген. Ошондуктан жаңы мунай иштетүүчү заводдор үчүн күйүүчү майды негизинен ички рынокто сатуу аркылуу ири инвестицияларды кайтарып алуу оңой болбойт.

Натыйжада өндүрүүчүлөрдүн алдында бензинди аймактын ичинде арзаныраак сатуу же көбүрөөк киреше алып келе турган тышкы рынокторго экспорттоо деген эки жол турат.

"Азаттык Азиянын" макаласынын түп нускасы бул жерде

Өзбекстанда жума күндөрү бекер нан тараткан дүкөндөр, жүргүнчүдөн жол кире албаган таксисттер жана бекер тейлеген медициналык кызматтар көбөйүүдө. Жарандар менен ишкерлердин мындай кайрымдуулугунун артында диний ишеним, улуттук каада-салт жана орто катмардын жоопкерчилиги турабы?

«Really? Ооооо, рахмат!»

Соңку кезде Өзбекстанга барган чет элдик блогерлер видеолорунда азык-түлүк дүкөндөрүндө жума күндөрү нан бекер таратыларын таң калуу менен көрсөтүп, айтып берип жатканын көп көрүүгө болот.

«Мусулмандар үчүн ыйык жума күнү сатуучулар нанды бекер эле беришет. Колунда бар адамбы, жокпу, каалагандардын баарына таратышат. Азыр мындай көрүнүш айрыкча Ташкенттеги чакан дүкөндөрдө кеңири жайылууда. Сатуучулар сөзсүз ушундай акцияларды уюштурушат. Мына ушундай азаматтар. Андыктан Өзбекстанда эч кимиңер ачка калбайсыңар, балдар», — дейт видеодо орусиялык конок айым.

Айрым дүкөндөрдө мындай кайрымдуулук акциялары жума күндөрү гана эмес, күн сайын өткөрүлөт. Өзбекстанда жашаган орусиялык ишкер мындай салтка өзү да таң калып жатканын айтууда:

«Өзбекстанга жаңы келгенде чакан дүкөндөрдүн бирине киргем. Сатуучу менден: “Сиз коноксузбу?” деп сурады. Мен “Ооба” дедим. Анан ал: “Нан керекпи?” деди. Мен болсо: “Баарын сатып алдым, рахмат, башка эч нерсе керек эмес” деп жооп бердим. А ал: “Жок, сиз түшүнгөн жоксуз, нан керекпи?” деди. Мага дагы бир нерсе саткысы келип жатат деп ойлодум. Кийин ал: “Мен сизге жана балдарыңызга бекер нан сунуштап жатам. Керек болсо айтыңыз, бекер берем” деди. Бул мени ушунчалык таң калтырды».

Өзбекстанга барган чет элдик блогерлер менен коноктор ошондой эле жүргүнчүлөрдү бекер ташыган таксисттер, дүкөндөрдө жана коомдук тамактануучу жайларда муктаж адамдарга көрсөтүлгөн жардам, ар кандай акысыз тиричилик кызматтары тууралуу да айтып келишет.

Адатта мындай акциялардын чыгымын аты-жөнүн ачыктабаган демөөрчүлөр көтөрөт. Мисалы, Наманган жана Анжиян шаарларындагы «Бекер такси» акциясына катышкан айдоочулардын чыгымын төлөп берген адамдар өзүлөрүн жарыялаган эмес. Жүргүнчүлөр таксисттерге жакшы тилектерин айтып, «Ден соолукта болуңуз», «Аллах жолуңузду берекелүү кылсын» деп ыраазычылыгын билдирип кетишет.

Жума күндөрү бейтаптарды бекер кабыл алган стоматологиялык кабинеттер менен укалоо салондору да күтүлбөгөн жерден жагымдуу таң калтырууда. Бир жагынан бул маркетинг болсо, экинчи жагынан — кайрымдуулук.

Өзбекстандыктардын кең пейилдиги тууралуу видеолор интернетте миллиондогон көрүүлөрдү топтоодо. Айрым окуялардын кийин уландысы да болгон. Видеолордун биринде базарда тандыр нан сатып жаткан сатуучуга мурда аны бекер нан таратып жаткан видеодон көргөн чет элдик адам кайрылганы көрсөтүлгөн. Сатуучу жылмайып, ага нан сунат.

«Чын элеби? Оо, рахмат!» — деп конок ыраазычылык билдирет. Андан соң сатуучунун арабасындагы 56 даана нандын баарын сатып алып кетет.

Таң калганын жашырбаган чет элдик туристтер «Бул жерде ачка калуу мүмкүн эмес. Адамдар бири-бирине эч кандай мамлекеттик программасыз эле жардам беришет», — деп калышат.

Өзбекстан тууралуу таасирлери менен бөлүшкөн орусиялык айымдын айтымында, бул өлкөдө нан жөн гана азык эмес.

«Бул жерде нанды “нон” деп аташат жана аны ыйык тутушат. Нанды эч качан көмкөрүп коюшпайт. Бычак менен кесишпейт, кол менен үзүшөт. Аны таштандыга ыргытпаганга аракет кылышат. Ал тургай таштанды жайларында нан үчүн өзүнчө кутулар болот. Мындайды башка кайсы жерден көрдүңүз эле?» — дейт ал.

Самарканд. Тандырда бышып жаткан нан.
Самарканд. Тандырда бышып жаткан нан.

Мурда мындай кең пейилдикти адатта той-топурда жана башка иш-чараларда көрсө болот эле, эми бул сыяктуу көрүнүш өзбекстандыктардын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүнө айланып баратат. Аптаптуу жайда же кыштын ызгаардуу суугунда жүргүнчүлөрдөн жол кире албаган таксисттер, «керек болсо ал, мүмкүнчүлүгүң болсо төлө» принциби менен иштеген наабайканалар бүгүн Өзбекстандын өзгөчө жүзүн чагылдырган көрүнүшкө айланды.

Диндеги көрсөтмөлөр жана калыптанып келаткан орто катмардын демилгелери

Өзбекстанда балдар үйүндөгүлөргө же баш калкалоочу жайдагыларга дасторкон жаюу, жетимдерди кийим-кече жана керектүү буюмдар менен камсыз кылуу салты илгертен эле бар. Дин өкүлдөрү муну өлкө калкынын басымдуу бөлүгү карманган ислам дининде кайрымдуулук жана жардам берүү ар бир мусулмандын милдети катары каралары менен түшүндүрүшөт. Милдеттүү кайрымдуулук фарз (парз), ал эми ыктыярдуу жардам берүү нафл болуп эсептелет.

«Ахват маалесинде үч дүкөн бар. Жума күндөрү таң эртеден кечке чейин ал жерде азык-түлүк бекер таратылат. Чахатойдо болсо бир дүкөндө күн сайын азык-түлүк бекер таратылат. Аллахтын элчиси: “Мүлкүңөрдөн садака берип тургула” деп айткан. Бул “радд-и бало” деп аталат, башкача айтканда, ар балээни жолотпоо дегенди билдирет. Кайрымдуулук адамды тооруган кырсыкты алдын алат. Байлыгыңды кемитпей, тескерисинче, көбөйтөт. Бул жакшы иш. Эл дагы мындай адамдарды батасы менен колдойт дешет. Ошондуктан ушундай жакшы иштерди канчалык көп колдосок жана аларга батабызды берсек, өлкөбүз ошончолук өнүгөт», — дейт блогер Ашурали Каримовдун каналындагы видеодо өзбекстандык карыя.

Ал эт саткан дүкөндөрдүн бирине кирип калып дагы бир окуяга күбө болгонун айтып берди:

«Ошол учурда бир жаш жигит келип, сатуучудан: “Силерде карыздар жазылган дептер барбы?” деп сурады. Сатуучу: “Жок, бул бай маале” деп жооп берди. Ошондо жигит: “Жетимдер же жардамга муктаж адамдар барбы? Аларга берип коюшуңуз үчүн ушул акчаны калтыргым келет” деди».

Кайрымдуулук иш-чаралары өзгөчө мусулмандар үчүн ыйык болгон Орозо айында кеңири өткөрүлөт.

Рамазан айында даярдалуучу нишалла таттуусу жасалып жаткан учур.
Рамазан айында даярдалуучу нишалла таттуусу жасалып жаткан учур.

Байкоочулардын пикиринде, бул көрүнүштүн негизинде маанилүү социалдык фактор жатат. Өлкөдө өз бизнеси жана туруктуу кирешеси бар орто катмар өсүүдө. Экономикалык жактан бутуна туруп калган бул катмар жардамга муктаж адамдарга, жетимдерге жана калктын башка аярлуу топторуна көмөк көрсөтүүнү өзүнүн моралдык милдети катары көрөт.

«Жакшылык кылуу ар бир адамга диний жактан да, жалпы адамдык баалуулуктар жагынан да сунуш кылынган иш», — дейт блогер жана жарандык активист Дима Каюм.

Анын айтымында, кайрымдуулук менен алектенип жүргөндөрдүн көбү анысын коомчулукка жарыялабайт.

«Албетте, учурда материалдык мүмкүнчүлүктүн тартыштыгынан улам кайрымдуулук кыла албагандар көп. Бирок каржылык абалы оңолгондо алар да муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүүгө аракет кылышат. Мурда миллиондогон жүгүртүүсү бар ишканалар аз эле болчу. Азыр болсо жүгүртүүсү миллиондорго, атүгүл миллиарддарга жеткен компаниялар бар. Андай ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери биз сыяктуу блогерлерге кайрылып: “Эмне жардам бере алабыз? Келиңиздер, бирөөлөргө көмөк көрсөтөлү” деп турушат. Биз негизинен айыл жергесиндеги, өзүбүз жакшы билген жана көйгөйлөрүнө күбө болгон үй-бүлөлөргө жардам беребиз. Мисалы, ун, өсүмдүк майы жана башка азык-түлүк жеткирип беребиз», — деди ал.

Жеке демилгелерден тышкары Өзбекстанда азык-түлүктү бекер таратып, социалдык жардам көрсөткөн кайрымдуулук уюмдары да бар.

Мамлекеттин катышуусу зарылбы?

Бул иштерге мамлекеттик түзүмдөр катышабы? Коомдук активист Отабек Умар кайрымдуулук негизинен жеке демилге болушу керек деп эсептейт.

«Бирок мамлекет да, албетте, белгилүү бир ролду ойнойт. Ал мындай ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүшү керек. Мисалы, учурда Өзбекстанда өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдарды каттоо чоң көйгөй бойдон калууда. Эгер мамлекет бейөкмөт уюмдарды жана ар кандай кайрымдуулук фонддорун каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтсө, бул дагы маанилүү кадам болмок. Азырынча бул маселеде олуттуу тоскоолдуктар бар. Мамлекет табиятынан чоң бюрократиялык механизм болгондуктан жай иштейт. “Мамлекет бизнес менен алектенбеши керек” деп айтылып келет эмеспи. Ошол сыяктуу эле мамлекет түздөн-түз кайрымдуулук менен да алектенбеши керек. Анын милдети мындай иштер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, мыйзамдагы салык жана башка жеңилдиктер аркылуу дем берүү», — дейт ал.

Риштандык активист жана блогер Дима Каюм өзү жашаган мааледе бекер китепкана уюштурганы менен белгилүү болгон. Анын айтымында, адамдар мамлекеттин көрсөтмөсү жок эле башкаларга жардам берүүгө умтулушат. Бирок, ошол эле учурда, ал белгилегендей, кайрымдуулук жана бекер тейлөө адамдарда "жатып ичерлик" маанай жаратпашы керек деп эсептейт.

«Кайрымдуулук мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүшүнө каршы экенимди мен акыркы эки-үч жылдан бери айтып келем. Себеби айрым адамдар кайрымдуулук жардамын алууну кесипке айландырып алышты. Жардам талап кылып, акимге, район жетекчисине барып жаңжал чыгарган үй-бүлөлөр пайда болду. Ал жардам бербесе, облус жетекчилигине кайрылышат. Муну алар өзүнчө кесипке айландырып алышкан. Менин оюмча, биринчи кезекте аларга реалдуу жумуш орундарын түзүп берип, кесипке үйрөнүүгө жардам берүү керек. Эгер адам бир өнөрдү өздөштүрүп, билим жана көндүм алса, кийин каалаган жеринде иштей алат. Бир сөз менен айтканда, адамга балык бергенден көрө, балык кармаганды үйрөтүү зарыл», — дейт Каюм.

Ал дайым эле мамлекеттен жардам тарата берүү бюджетке кошумча оорчулук жаратарын да айтууда. Ошондой эле адамдар жардамдан көз каранды болуп жашап калышы мүмкүн экенин белгилеген активист, албетте, мамлекет жардам берүүгө тийиш болгон өзгөчө жагдайлар да бар экенин кошумчалады.

«Чындап эле жардамга муктаж адамдар, жетимдер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана оор турмуштук кырдаалга туш болгондор бар. Аларга сөзсүз жардам берүү керек. Ал эми системаны кыянат пайдаланып, жардам алууну адатка айландыргандарды дайыма колдоо туура эмес», — дейт Каюм.

Өзбекстанда тургундар көптөгөн маселесин мамлекетти түздөн-түз кийлигиштирбей эле чече аларын, буга мааледеги ынтымак жана өз ара жардамдашуу салты өбөлгө түзөрүн турмуш өзү көрсөтүүдө. Натыйжада кайрымдуулук акырындык менен коңшулук мамилелерди бекемдеген жана коомдогу туруктуулукту колдогон өз алдынча механизмге айланып баратат.

Активисттер менен блогерлердин айтымында, Ислам Каримовдон кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин тушунда Өзбекстанда диний эркиндик деңгээли жогорулады.
Активисттер менен блогерлердин айтымында, Ислам Каримовдон кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин тушунда Өзбекстанда диний эркиндик деңгээли жогорулады.

Активист Отабек Умар кайрымдуулуктун кеңейишин жеке демилгелер үчүн эркиндиктин көбөйүшү менен байланыштырууда.

«Биз ар кандай кайрымдуулук акцияларын көрүп жатабыз. Алардын катарына жол кире албаган таксилер, жума күндөрү нан таратуу, айрым товарларды арзандатылган баада сатуу сыяктуу демилгелер кирет. Биринчиден, бул жеке демилгелерге көбүрөөк көңүл бурулуп, аларды ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейгенине байланыштуу. Экинчиден, менимче, Өзбекстандагы кайрымдуулук дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү кайрымдуулуктан анча деле айырмаланбайт. Биз АКШда жана Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө диний жамааттар кайрымдуулук иштерине активдүү катышарын билебиз»,— дейт ал.

Умардын байкоосунда, Өзбекстанда 2016-жылдан кийин, Шавкат Мирзиёев бийликке келген соң диний жамааттарга да көбүрөөк эркиндик бериле баштады. Өлкөнү чейрек кылымдан ашык катуу башкарган биринчи президент Ислам Каримовдун тушунда динге бекем адамдар куугунтукка кабылып, диний экстремизмге жана радикалдык исламчылыкка байланыштуу айыптоолорго туш болушкан.

«Ачык айтканда, 2016-жылга чейин биз ар кандай жеке демилгелер басылып турган оор мезгилде жашадык. Эгер кимдир бирөө өз алдынча кайрымдуулук жасап, жардам көрсөткүсү келсе аны дароо эле жергиликтүү бийликтеги, районду же облусту башкарган белгилүү бир адамдар байкап калышчу. Анан, албетте, андан өз кызыкчылыгында бир нерсе талап кылып, акчасын алып койгонго, басым жасаганга аракет кылышчу. Ошондуктан көбүнүн ичинде коркунуч бар болчу. Коомдук активдүүлүк да, жеке демилгелер да ушунчалык катуу чектелгендиктен мындай кайрымдуулук иштерин дээрлик көрчү эмеспиз. Балким, айрым учурлар болгон чыгар, бирок жалпысынан андай көрүнүш кеңири жайылган эмес», — дейт Умар.

Активисттердин айтымында, кайрымдуулук муктаж адамдарга материалдык жардам көрсөтүү гана эмес, коомдун дени сак жана жашоого жөндөмдүү экенинин белгиси да болуп саналат. Алардын пикиринде, эң башкысы, тең салмактуулукту сактоо, жардам адамга андан көз каранды болуп жашап калышына эмес, бутуна турушуна колдоо көрсөтө алгандай болушу зарыл. Ал эми мамлекеттин милдети мындай тең салмактуулукту камсыздоого шарт түзүү болуп саналат.

"Азаттык Азиянын" макаласынын түп нускасы бул жерде

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG