Казакстандын Эл артисти, Эмгек баатыры, кино жана театр актеру, режиссер Асанали Ашимов 88 жашында Алматыда каза болду. Маалыматты жекшембиде М.Ауэзов атындагы улуттук драма театры таратты.
Ашимов кыргыз коомчулугуна да кеңири таанымал. 1970-жылы "Кыз-Жибек" кинодрамасында Бекежанды, "Атамандын бүткөнү", "Транссибирдик экспресс" аттуу белгилүү тасмаларда башкы ролдорду аткарып, мурдагы советтик аймакта таанымал актерго айланган.
Кийинки жылдары Казакстандын башкы драма театрында алдыңкы ролдорду аткарган актер, атактуу чыгармаларды сахналаштырган режиссер, театралдык жогорку окуу жайда сабак берген окутуучу катары эмгектенип келди.
Асанали Ашимов 1937-жылдын 8-майында Жамбыл облусунда жарык дүйнөгө келген. Кыргызстандагы маданий иш чараларга катышып, кыргыз режиссер, актерлору менен кызматташып, Мухтар Аэузовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Караш-Караш баяны" тасмасында Болот Шамшиев, Аким Тарази менен чогуу сценарийин жазган.
Шерине