Соңку жылдары Кыргызстанда сел, жер көчкү, суу ташкындары сыяктуу табият кырсыктары байма-бай катталууда. “Данисте” бул жолу Баткен облусунун Ак-Терек айылынан журт которууга аргасыз болгон экологиялык мигранттар тууралуу айтып берет. 300дөй түтүн жашаган айылдын 10% чукулу талкаланган үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон.
Экономика
шаршемби 27 Ноябрь 2024
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров диний ишмерлер менен "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Украин лидери Зеленский Будапештте Курскидеги түндүк кореялык аскерлердин маселесин көтөрсө, орус президенти Путин Украинанын макамы тууралуу өз шартын айтты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияга бараткан мигранттарды документтерин белендеп жүрүүгө чакырып, Орусиянын чек ара кызматы аларды өлкөгө киргизбей коюшу мүмкүн экенин эскертти.