Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

УКМК Баткенде “Максат” чек ара тозотунун кызматкерин кармады


Шектүүнү кармоо учурунда тартылган сүрөт. УКМК тараткан фото.
Шектүүнү кармоо учурунда тартылган сүрөт. УКМК тараткан фото.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткендеги “Максат” чек ара тозотунун аскер кызматкери пара алууга шек саналып кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Тажикстан менен чек арада аткезчилик менен жүк ташылат делген жерлерде түзүлгөн посттордон Тажикстан багыты боюнча аткезчилик жүктөрдү системалуу түрдө өткөрүп жүргөнү тууралуу маалыматтар алынган.

УКМК ал 24-июнда Баткен облусундагы Лейлек районунун Эски-Оочу айылында 30 миң сом пара алып жаткан учурда Чек ара кызматынын “Максат” чек ара тозотунун 2021 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери (А.М.А.) кармалганын кошумчалады.

13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.

Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек ара тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн. Ушул тапта Кыргызстан чек арага зым тартып жатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.

Бул каргашалуу окуялардан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын толук жапкан. 13-мартта Бишкекте чек арага байланыштуу документтерге кол коюлгандан кийин ортодогу “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” чек ара бекеттери ачылган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG