Абак кызматкерлери суукта үйдөн чыгарылды
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын ондон ашуун кызматкерин 6-декабрда Бишкек шаардык мэриясы жашап жаткан жеринен күч менен чыгарды. Буга Бишкек шаардык сотунун ушул жылдын 27-сентябрдагы "үй бошотулсун" деген чечими негиз болду. Аталган кызматтын кызматкерлери ал жерге мындан он жыл мурун №36 жатак абак болгон төрт кабаттуу үйдүн эки кабаты бошогондон кийин киргизилген. Үйдү жылуулап жана жашоого ылайыктап алган кызматкерлер кыштын күнүндө кайда баш калкалайбыз деп чыкпай жатышкан.