Бишкектин түштүк-батышындагы Чоң-Арык айылындагы көрүстөн мүрзөгө толуп калганына байланыштуу Аламүдүн районунун Гроздь айылында жаңы шаардык көрүстөн ачылды.
Бишкек жылуулук борборунун модернизацияланган башкы корпусу 30-августта пайдаланууга берилди. Ал Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион долларлык насыяга жаңыланды. Жылуулук энергия борборун жаңылоо иштерин да аталган өлкөнүн ТБЕА компаниясы жүргүздү.
Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламенттин экинчи сессиясынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анын жүрүшүндө президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди
Бишкектин Октябрь райондук сотунда Zanoza.kg сайтынын журналисттерине байланыштуу үч жараян башталды. Башкы прокуратура аталган сайтта жарыяланган макалалар президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко берген. Башкы көзөмөл орган журналисттерден бир нече миллион сом доо талап
Бишкектин четиндеги Орок, Сары-Өзөн, Арча-Бешик жана Ак-Ордо жаңы конуштарда дээрлик үч жумадан бери таза суу жок. “Бишкексууканал” ишканасынын жетекчи орун басары Мурадил Сейдалиев жаңы конуштун тургундары ичүүчү сууну сугат суу катары колдонушарын жана ошол себептүү суу баарына жетпей жатканын бил
Алмамбет Шыкмаматов айыпталып жаткан Али Юксел өз укугун өз тилинде коргоого тийиш деп журналисттерге билдирди.
Шаардык патрулдук милиция Бишкекте мыйзамды бузуп, жолду туура эмес жерден кесип өткөн адамдарга эскертүү берди. Милиция алдыңкы күндөрдө мыйзамды бузгандарга айып сала турганын да айтууда.
Бишкекте жаңы күчүнө кирген шайлоо мыйзамындагы оош-кыйыштар талкууланды. Жарандык активисттер, президенттикке талапкерлигин кое турганын жарыялаган айрым саясатчылар, эксперттер жаңы мыйзамдагы шайлоо күрөөсүнүн жана шайлоо фондунун көбөйтүлүшү, саясий партиялар үчүн шайлоо босогосунун жогорулашы ж
Шаар бийлигинин жакшы жол салуу ниети тууралуу маалымат коомго түшүндүрүлгөн эмес деген Бишкектин вице-мэри, шаардык кеңештин депутаттары түштөн кийин келип, элге маалымат беришти.
Бүгүн балдарын сейил бактарга алып барган ата-энелер электр жарыгы өчүрүлгөнүнө нааразы болуп “Азаттыкка” кайрылышкан. Аттракциондор майрамга карата атайылап токтотулган болушу мүмкүн деген ата-энелер Бишкек мэриянын жооп беришин талап кылышууда.
29-майда Улуттук хирургия борборунун адистери Нарын областтык ооруканада жасалып жаткан операцияга аралыктан туруп, интернет аркылуу көз салышты.
Бишкекте мышыктардын эл аралык көргөзмөсү өттү. Ага коңшу өлкөлөрдөн сүйүктүү жаныбарларын алып келип катышкан коноктор арбын болду. Кыргызстанда баасы кымбат, асыл тукум мышыктар көбөйүп, алардын бири 100 доллардан ашат.
Бишкекте салтка айланып калган “Музейдеги түн” аттуу социалдык-маданий акция өттү. Мында кечки саат алтыдан түнкү 12ге чейин Бишкектеги 12 музей жана арт-аянтча шаардыктарга жана конокторго өз эшигин ачып, ар бири ар башка программаларды, көргөзмө, мастер-класстарды тартуулашты. Иш-чараны OYOUM grou
Кыргызстандын көпчүлүк шаарларындагы аттракциондор Советтер союзу маалында орнотулган. 20 жылдан ашык убакыттан бери шаар тургундары ал жакка балдарын ээрчитип барып, ойнотуп жүрүшөт.
Американын Бостон шаарынан Кыргызстанга аксакалдар соту туурасында изилдөө жүргүзүү үчүн келген Мэган МакКормак бул жакта үй-бүлө куруп калып калган. Учурда Борбор Азиядагы Америка университетинде иштеп, гендер саясаты, кыз ала качуу боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.
Алар Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин калыптанышына жана өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын бекемдөөгө кошкон жеке салымдары үчүн татыктуу болушту. “Кыргызстандын дипломаттары” коомдук бирикмеси “Тилекмат Аке” сыйлыгын 2014-жылы уюштурган.
Кыргызстанда ушул тапта 30 миңге жакын татар жашайт. 10 миңден ашык калкы бар этностор арасында татарлар жогорку билим алуу боюнча биринчи орунда турат. Алар медицина, билим берүү тармагында иштөө менен бирге маданияты, салт-санаасын сактап калышкан.
“Сапат 2017” роботтор таймашына ойлоп табуучулукка жөндөмдүү окуучулар программалаштырган 82 робот менен катышты. Мектеп жашындагы балдар бий, күрөш, сызык кубаламай, жарыш сыяктуу ар кандай категорияда таймашты.
6-майда Бишкекте өткөн кыз ала качууга каршы акцияга 30га чукул адам автоунаалары менен катышты. Автожүрүшкө чыккан унааларга ала качуу мыйзамга каршы келери жазылган кагаздар чапталган.
Дагы жүктөңүз