"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтууну убада кылууда. Бул иштерди юстиция министри Аяз Баетов көзөмөлдөйт.
Саламаттык сактоо министри алмашкандан бери бул тармактагы айрым реформалар жана анын жыйынтыгы талаш-талкуу жаратты. Октябрь окуяларынан кийин мекемени эки ирет жетектеген Алымкадыр Бейшаналиев буга чейин бир катар өзгөртүүлөрдү убадалап, реформалар жемишин бере баштаганын айткан.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 3-марттагы жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Анда бул макулдашылган варианты экени, талаш-талкуу жараткан айрым жоболор алып салынганы айтылды.
Кыргызстан "Керемет банкты" АКШнын "кара тизмесинен" чыгарууга аракет жасап жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кабарлап, ушул максатта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Америка Кошмо Штаттарына дагы барып келгенин билдирди.
Кыргызстанда бир катар кадрдык чечимдер кабыл алынып, анын арасында Алтынбек Максүтов маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен алынды. Ордуна Мирбек Мамбеталиев көрсөтүлдү. Мунун алдында анын бийликтеги айрым таасирдүү адамдар менен пикир келишпестиги болгону тууралуу сөздөр чыккан.
Кыргыз бийлиги Макмал-Каракол темир жолун куруу үчүн америкалык компания менен макулдашканын жарыялады. Ага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери да катышты. "Трансевразиялык каттам" деп аталган долбоордун болжолдуу баасы 3 млрд доллар экени, ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө ишке ашары айтылды.
MCN coin криптоактивине байланыштуу иш боюнча Финансы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков камакка алынган жана бул талкуу жараткан.
Ошто Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында кылмышка шектүүлөр "аёосуз сабалган" делген видео коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ал арада сабалды дегендердин бири күнөөсү жоктугун айтып, өлкө башчыларына кайрылды.
АКШнын прокуратурасы Кыргызстандын жараны Сергей Жарновниковго ок атуучу курал-жаракты Орусияга мыйзамсыз ташыды деген айып такты. Ал бул куралдарды Америкадан Кыргызстанга алып келип, андан соң Орусияга жөнөткөн деп шектелүүдө. Жарновниковдун адвокаттары бул айыптар боюнча үн ката элек.
Жогорку Кеңеште президенттин администрациясынын мыйзам чыгаруу органына жасаган басым-кысымы тууралуу маселе көтөрүлдү. Парламенттин 5-январдагы жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев айрым мыйзамдар кол коюуга жеткенде өзгөрүп калып жатканын айтып, президенттик администрацияны, юристтерин сындады.
Башкы прокуратура уюшма кылмыш тобунун активдүү мүчөсү болгон делген Эркин Мамбеталиевди актаган буга чейинки сот өкүмдөрүн жокко чыгарууга аракет кылып жатканы белгилүү болду. Жогорку соттун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, башкы көзөмөлдөөчү орган буга байланыштуу өтүнүч жөнөткөн.
УКМК "АЮ Холдинг" ишканасын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовго "уюшкан кылмыш топторун каржылоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканы белгилүү болду. Бул иштин алкагында анын тууганы, ишкананын башчысы Тыныбек Исаев кайра камалды. Атайын кызмат азырынча комментарий бере элек.
Кыргыз президенти мүлктү адалдаштыруу саясатын жарыялап, аткаминерлерди каткан мүлкүн ачык жарыялоого чакырган. Бул жараяндын алкагында 30 миңге чукул адам активдерин өзүнө каттатты, мунун ичинен 270тен көбү 100 миллион сомдон ашык бааланган мүлкү бар экенин көрсөттү.
Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун аймагында Кемин-Сити деп аталган шаар куруу тууралуу жарлык чыгарды. Ага ылайык, Кемин районунда 350 гектардан ашык жерге экологиялык таза шаарча салынат. Азырынча анын каржы булактары аныктала элек.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков өлкөдө соңку төрт жылдын ичинде кылмыштуулук жалпысынан 69% азайганын билдирди. Ал бул тууралуу 28-январда президент Садыр Жапаров менен жолукканда айтты. Бирок айрым байкоочулар кылмыштуулуктун азайганы милициянын ишинин үзүрү эмес дешет.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы тууралуу азыноолок маалымат берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине курган соңку маегинде "Азаттыктын" чек ара тууралуу материалына комментарий берип жатып, талаштуу тилкелер алмашуу жолу менен чечилерин билдирди.
Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Оштун мэри болуп дайындалды. Саясатка ишкерликтен келген Токторбаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы катары белгилүү.
Февраль айында Ысык-Көлдөгү үч чокуну бириктирген лыжа базаны куруучу компанияны аныктоо үчүн сынак жарыяланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Буга чейин базаны курууга франциялык компания кызыгып жатканы айтылган. Жапаров соңку билдирүүсүндө ал компания тууралуу үн каткан жок.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин электр энергиясы май айынан тартып кымбаттайт деген билдирүүсүнөн кийин өзү тууралуу да талаш-талкуу жаралды. Социалдык тармактарда айрым бийликчил активисттер жана журналисттер аны кескин сынга алып жатат.
Дагы жүктөңүз