«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
(OCCRP) кыргызча «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» тажик президентинин туугандарынын коррупциялык иштери тууралуу жаңы иликтөөсүн жарыялады.
Президент Шавкат Мирзиёевдин демократия тууралуу убадаларынан улам Өзбекстанда жакында болуп өткөн парламенттик шайлоого эл аралык коомчулук дыкат көз салып турду. Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, парламент депутаттары жашарып, аялдардын саны да өстү.
АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалган кырдаал Кыргызстанга кандай таасири этиши мүмкүн?
Орусиянын президенти Владимир Путин Сириянын мамлекет башчысы Башар Асадга жолукту.
Ливия менен Сириядагы кагылышуудан жарадар болгон жалданма аскерлерди дарылаган клиника Путиндин жакындарына таандык болуп чыкты. Ал Санкт-Петербургдагы «Согаз» аттуу жеке камсыздандыруу компаниясына таандык.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жер деп эсептелген 19 миң гектар аянт боюнча сүйлөшүү токтоп турат.
Казакстандын Зайсан шаарында Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген Мурагер Алимулы жана Кастер Мусаханулу аттуу эки казак жигиттин соту башталды.
Генералдын өлтүрүлүшү АКШ менен Ирандын ортосундагы тирешти күчөттү.
Иран колдогон жарым-жартылай аскердик түзүмдөрдүн өкүлдөрү АКШнын Ирактагы элчилигин эки күн бою камоого алышты.
2019-жылы бийлик жол, мектеп сыяктуу социалдык объекттерди куруп, тасмасын кесип, элге тартуулады. Бирок коомчулук аткарылган иштердин тизмесинде ири долбоорлор болбогонун сындап жатат. Анда аткаминерлер кызыл тасмасын кескен иштердин айрымдарына токтолобуз.
Өзбекстандын Ислам цивилизациялык борборунун башчысы «жаңы жыл майрамы шариятка каршы келбейт» деген билдирүү жасады.
Америкалык «Netflix» компаниясы 13-декабрдан баштап «Карматпаган алтоо» аттуу тасманы көрсөтө баштады.
Митингге чыккандар 1986-жылкы Желтоксон окуяларынын жана 2011-жылы Жаңы-Өзөндө болгон кан төгүүнүн курмандыктарын эскеришти.
Тажик бийлиги жаза аткаруу системасын реформалоого аракеттенип жатат.
Түркмөнстандын Мары аймагы бүт өлкөнү багып жаткан жаратылыш газынын булагы болуп саналат. Ага карабай марылыктар газ менен электр энергиясы жоктугунан улам үйлөрүн отун жана тезек менен жылытууга аргасыз болушууда.
Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосунда акча туризми деген көрүнүш күч алды. Банкоматтар бош турганынан улам миңдеген түркмөндөр Өзбекстанга барууга аргасыз.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жыйын куруп, элин балык багууга чакырды.
Алматыда бийликке нааразы болуп митингге чыккан көп балалуу үч аял жана жарандык активист сот залынан бошотулду.
Баш калаанын башчысынын үнүнө окшош киши журналисттерди «гей кылып салам» деп опузалаган.
Кытайдын кысымынан качып, тарыхый мекенине кайткан казактар алты айлап казак жарандыгын ала албай жатат.
Дагы жүктөңүз