«Reuters» маалымат агенттигинин иликтөөсү «Согаз» компаниясы «Газпромго» жана Путиндин жээнине таандык экенин ачыкка чыгарган.
«Reuters» маалымат агенттиги Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жайгашкан эл аралык жеке менчик клиника «Согаз» аттуу камсыздандыруу компаниясына таандык экенин иликтеп чыкты.
Иликтөөдө Ливиядагы, Сириядагы жана башка өлкөлөрдөгү аскердик операцияларга жашыруун катышкан Орусиянын жалданма жоокерлери кантип дарыланганы баяндалган.
Иликтөө «Согазда» дарыланып чыккан жоокерлердин, дарыгерлердин жана клиниканын кагаздарына негизделген.
Орусиянын мыйзамдары боюнча бардык медициналык мекемелер согуштук аракеттерден алынган жарааттар тууралуу полицияга маалымат берип турушу керек. Дагы бир мыйзамында орус жараны башка өлкөлөрдөгү чатактарга жалданма катары аралашууга тыюу салынат.
Бирок Сирия менен Ливиядагы согушка жалданма аскер катары аралашып, жарадар болгон бир нече киши «Согаз» клиникасында дарыланып чыкканын ырастаган.
«Reuters» агенттигинин маалыматына караганда сөз болуп жаткан клиника 2010-жылы Орусиянын бир нече шаарына ачылган.
Орусиянын «Вагнер» жеке менчик аскер компаниясына катышкандардын биринин айтымында, «Согаз» жарадар болгон жалданма аскерлерди 2016-жылдан бери дарылап келет. Ал өзү да ошол эле клиникада өзү сыяктуу жалданма жоокерлер менен бирге бекер дарыланганын айтууда. Орусиянын расмий маалыматы боюнча «Согаз» аскер кызматкерлерин жана Улуттук гвардиянын ден соолугун камсыздандырат.
Орусиянын «Вагнер» жеке менчик аскер компаниясында кызмат кылган аскердин апасы:
- Ал «Согаздын» клиникасында дарыланыптыр. Медициналык картасындагы маалыматтарды окусаңыз, ал олуттуу жараат алганын түшүнөсүз. Андай жараатты дарылоого 10 миң доллардан кем эмес акча кетет. Аны толук акысыз дарылашыптыр. Мындай каражатты ким төлөгөнү белгисиз.
Эми сөз болуп аткан клиниканын өзүнө келели. «Согаз» камсыздандыруу компаниясы «Газпромго» карайт. «Согаздын» башкаруучуларынын жана кожоюндарынын арасында орус президенти Путиндин туугандары да бар.
Маселен, «Согаздын» 12,5% акциясына Путиндин эжеси Любовь Шеломованын баласы Михаил Шеломов ээлик кылат. «Согаздын» башкы директорунун орун басары болуп Михаил Путин иштейт. Михаил Путин президент Владимир Путиндин тууганы экенин Кремль ырастаган.
«Согаздын» 32,3% акциясына ишкер Юрий Ковальчук аялы экөө ээлик кылат. Ал «Россия» банкынын ээси катары Путиндин Питердеги досторунун баарынын башын бириктирген «Озеро» кооперативинин мүчөсү. Юрий Ковальчук менен достугун Путин өзү да ачык айткан.
«Согаздын» директорлор кеңешин «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер башкарат. Миллер Путин менен Санкт-Петербург мэриясында бирге иштешкен 1990-жылдардан бери эриш-аркак келе жатышат.
Иликтөөдө пайда болгон суроолорго жооп берүүдөн Орусиянын Коргоо министрлиги да, Путиндин кызы да, Кремль да баш тарткан.
Орусия Сирияга аскерлерин 2015-жылы киргизген. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2019-жылдын сентябрында Сириядагы согуш бүткөнүн жарыялаган. Бирок орус аскерлери Сириядан дагы эле толук чыгарылбай турат.
Орусиянын расмий маалыматына караганда 2015-жылдын 30-сентябрынан бери Сирияда Орусиянын 40тан ашуун аскери каза болгон.
Бирок бул тизмеге «Вагнер» жеке менчик компаниясында кызмат кылган жалданма аскерлердин арасындагы курмандыктар кошулган эмес. Жалданма аскерлердин канчасы жарадар болуп, кайсы жерде дарыланып жатканы тууралуу да ачык маалымат жок.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.