Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Ташкенттин мэри журналисттерди коркутту


Жахангир Артыккожоев.
Жахангир Артыккожоев.

Өзбекстанда Ташкент шаарынын башчысынын үнүнө окшош кишинин журналисттерди «гей кылып салам» деп коркутуп жаткан аудиосу тарады.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы коомчулукка тараган үндүн чырын териштире баштады. Ташкент шаарынын мэри - жөн гана жетекчи эмес, «Артел» деген тиричилик техникасын чыгаруучу фирманын кожоюну.

- Силерди айылыңар кабыл албай, эч ким саламдашпай турган кылып коём. Эл ата-энеңердин үстүнөн күлүп, кошунаңар силер менен учурашкандан уяла турган кылам. Силерди гей деп жарыялап салуу мага кыйын бекен? Бул оңой эле, - деп сүйлөп жаткан үндү Ташкент шаарынын башчысы Жахангир Артыккожоевдин үнүнө окшоштурууда. Жинденип, бүт каарын төгүп сүйлөп жаткан кишинин сөзү «Артел» фирмасынын тиричилик техникасын сындаган журналисттерге багытталган.

«Артел» - Өзбекстан менен Кыргызстанга кеңири таанымал, тиричилик техникасын чыгаруучу завод.

- Алгач алар менин заводум чыгарган өндүрүмдү тамтыгын чыгара сындашат. "«Артел» баарын монополиялап алды" дешет. «Артелдин» өндүрүмүн «эптемей» дешет. Бирок 10 миң доллар берсең дароо өзгөрүп, «Артелдин» өндүрүмүн мактап калышат. Принциби жок айбандар! Алар адамдын баласы же иттин баласыбы? Ким алар? Алар айбандар! Принциби жок сасыган байкуштар. Мына, алар кимдер! - деген адамдын үнүн Ташкент шаарынын башчысы Жахангир Артыккожоевдин үнүнө окшоштурушууда. Ал журналисттерге таарынычын айтып бүтүп, аларды коркута баштаган.

Мен силерди гей кылып коё алам. Бул оңой эле. Бизде сөз эркиндиги го...

- Мен силерден бүт таанышыңар баш тартып кете турган кылып коё алам. Мен муну алты секундада кыла алам. Же силер ишенбей жатасыңарбы? Мен силерди гей кылып коё алам. Бул оңой эле. Бизде сөз эркиндиги го... Силерди гей менен бир таксиге отургузуп, сүрөткө тартып жарыялап салам. Болду, силер гейсиңер. Ал силердин жетекчиңерге жагабы же жокпу, мага баары бир. Менде да мүнөз бар.

Муну угуп отургандар ага эч кандай тоскоолдук кылбай, ал эмне айтса да угуп отурганы байкалат. Ташкент шаарынын башчысына үнү окшош адам андан ары журналисттерди өлтүрүп жок кылып коёрун айтат:

- Мен муну уюштура алам. Же ишенбей жатасыңарбы? Мен түшүндүрө алдымбы? Силер ың-жыңсыз жоголуп кетишиңер мүмкүн. Силерди эч ким издебейт. Бир да тирүү жан издебейт. Балким бир жерде «чөгүп кетишти» деп жазышы мүмкүн. Азыр жашоо ушундай. Ошондуктан биз менен иштешкиле, жардамдашкыла. Эгер силерде маселе жаралса, аны биз чечип беребиз. Ал үчүн силер бизге жардам бергиле. Биз ал проблеманы чечип беребиз.

Бул аудио жазуу 17-ноябрда Өзбекстанда кеңири белгилүү Kun.uz сайтына «Артыккожоевче сөз эркиндиги» деген ат менен жарыяланды.

Жахонгир Артыкхожаев менен Шавкат Мирзиёев.
Жахонгир Артыкхожаев менен Шавкат Мирзиёев.

Макалада үндүн ээси Ташкент шаарынын башчысы Жахангир Артыккожоев экени айтылган. Ал сөздөр Kun.uz сайтынын кабарчылары Рахматилла Исраилов, Шерзад Эгембердиев жана Бахадыр Ахмедовго карата шаар башчынын иш бөлмөсүндө айтылганы жазылган.

Ал арада Kun.uz сайты Интернетке тараган аудио жазууга эч тиешеси жок деген мааниде билдирүү таратты. Анын эртеси Өзбекстандын Башкы прокуратурасы да Интернетке тараган шаар башчы Артыккожоевдин үнүнө окшош аудио жазуу качан, кандай шартта, кайсы жерде жазылганы боюнча иликтөө иштерин баштаганын кабарлады.

Ага удаа президенттик администрация да Интернетке тараган аудио жазуу кылдат иликтенери, күнөөлүүлөргө чара көрүлөрү тууралуу билдирүү таратты.

Ал арада өзбекстандык Интернет колдонуучулар социалдык тармактарда расмий билдирүүлөргө ишенбеген пикирлерди жазып чыгышты.

Интернет колдонуучулар шаар башчынын мындан туура төрт ай мурун тараган аудио жазуусун эске салышты. Анда шаар башчы бала бакчанын ордуна салынып жаткан курулушту токтотуп берүүнү суранып келген тургундарга орой жооп берген.

- Кааласаңар мени сотко бергиле! Каалаган жагыңарга кайрылгыла. Кааласаңар президентке баргыла. Кааласаңар Кудайга даттангыла. Кааласаңар Брюсселге баргыла. Кааласаңар пикет уюштургула, - деген анда Жахангир Артыккожоев.

Ташкент шаарынын башчысы мурдагы чуу боюнча «Азаттыкка» жооп берген эмес. Азыркы чуу боюнча демилгени колго алып, аудио жазууну иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. Ал арада Kun.uz сайты шаар башчы менен чырдашкан журналисттерди иштен бошоткону белгилүү болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG