Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:43

Тажикстан COVID-19дан коргоно баштады


Дүйшөмбүдөгү оорукананын кире беришин жууп жаткан санитарлар. Тажикстан.
Дүйшөмбүдөгү оорукананын кире беришин жууп жаткан санитарлар. Тажикстан.

Тажикстандын №1 ооруканасында карантинде жаткандардын ичинен 11 адам каза болду.

Бийлик алар коронавирустан эмес, башка оорулардан каза болгонун айтып жатат. Ошол эле учурда жалпы билим берүүчү мекемелер жабылып, окуучулар каникулга таратылды.

Массалык иш-чараларга тыюу салынды. Бирок бийлик бул кадамдарды коронавируска байланыштуу карантин эмес, “илдеттин алдын-алуу” чаралары катары түшүндүрүп жатат.

Тажикстандын №1 ооруканасына 300дөн ашуун адамга өпкө кагыны деген диагноз менен жаткырылган. Алардын 136сы медицина кызматкерлери экенин аталган оорукананын башчысы Хуршед Рустамов билдирди.

"Өпкөсүнө суук тийген 107 адам дарыланып чыкты. Андан сырткары 11 адам каза болду. Жакынкы күндөрү бейтаптардын экинчи тобу үйүнө чыгарылат. Учурда сегиз бейтаптын абалы оор".

"Азаттыктын" кабарчысы сөз болуп жаткан ооруканага барганда ал жер катуу кайтарууга алынганын, бейтаптарга сырттан келген туугандарын киргизбей жатканын көргөн.

Дүйшөмбү шаарынын тургуну Мухиддин Курбонов кабарчыга ушул ооруканада жаткан 63 жаштагы апасын көрө албай жатканын айтып берген.

"Апам ысытма болуп кыйналгандыктан өткөн аптада ушул ооруканага жаткан. Дарыгерлер анын өпкөсүнө суук тийген дешүүдө. Мен апам менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп жатам. Бизди киргизбей жатышат. Качан үйгө чыгарары да белгисиз".

Расмий түрдө Тажикстанда коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек. Бийлик акыркы айда кайтыш болгон адамдар коронавирустан эмес, башка оорулардан көз жумганын түшүндүрүп жатат.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги элди дүрбөлөңгө түшпөөгө, ар кандай ушактарга ишенбөөгө чакырууда. Министрликтин маалыматына караганда акыркы үч айда 5023 адам өпкө оорусунан улам ооруканага жатканын, бул сан өткөн жылга караганда 169 учурга аз экенин айтышууда.

Дүйшөмбүнүн көчөлөрүнө дезинфекциялоочу каражаттар чачыла баштады.
Дүйшөмбүнүн көчөлөрүнө дезинфекциялоочу каражаттар чачыла баштады.

Ошентип "коронавирустун карааны да жок" деген Тажикстанда 27-апралден тарта окуучулар эки апталык каникулга таратылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка караганда окуучуларды каникулга таратуу тууралуу чечимди өлкөнүн Коронавирустун алдын алуу боюнча штабы чыгарган.

«Коомдук саламаттыкты жана элдин коопсуздугун, айрыкча мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдардын коопсуздугу үчүн жалпы билим берүүчү мекемелер убактылуу каникулга таратылат», - деп айтылат штаб тараткан маалыматта.

Тажикстанда жалпы жонунан 662 бала бакча бар. Мектеп окуучуларынын саны 2.5 миллионго жакын.

Мындан бир ай мурда коронавирус коркунучун капарына албай Нооруз майрамын чоң салтанат менен белгилеген Тажикстан эми массалык иш-чараларды өткөрүүгө, дан жана эт азыктарын сыртка экспорттоого тыюу салды.

Акыркы маалыматтар боюнча Согди облустук ооруканасына өпкө оорусуна чалдыккан 200 адам жаткырылган. Алардын ичинен акыркы аптада эле төрт адам каза болгон. Дагы он адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Согди облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү Маруфжон Хажибаев оорукана коронавируска каршы күрөшкө даярдалып жатканын ырастады.

"Акыркы абалдан улам оорукананы коронавируска каршы күрөшкө даярдап жатабыз. Анткени бул ооруканада көп жылдык тажрыйба жана керектүү жабдыктар бар".

Учурда Согди облусунда коронавирус менен күрөшүүгө миң орун даярдалган. Андагы догдурлар 14 күн иштеп, 14 күн карантинде жата турган болуп, үч топко бөлүнгөн. Улам мөөнөтү бүткөн бир топту кийинки топ алмаштырып турмакчы.

Ошол эле учурда Дүйшөмбүдөгү түрмөдө жаткандардын арасынан дене табы көтөрүлгөн 20 адам карантинге алынганын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы ырастады. Азырынча алардын "тамагы сезгенип" ооруп жатканы гана айтылууда.

Анткен менен тажик бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин моюнуна албай турат. Жакынкы күндөрдө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери Тажикстанга келери күтүлүүдө.

Ал арада айрым маалымат каражаттары жакынкы күндөрү тажик бийлиги коронавирус бар экенин расмий мойнуна аларын жазып жатышат.

Тажикстан коронавирустан кантип сактанат?

Тажикстан коронавирустан кантип сактанат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG