Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Казакстанда селден жапа чеккендер көп


Түркстан облусунун суу алдында калган Өргебас айылы, 3-май, 2020-жыл.
Түркстан облусунун суу алдында калган Өргебас айылы, 3-май, 2020-жыл.

Өзбекстанда 1-майда Сардаба суу сактагычынын дамбасы жырылып, андан ташыган суу Казакстандын Түркстан облусунун он айылын каптады. 

Миңдеген тургундар үй-жайсыз калышты. Кырсыктан жапа чеккен тургундар Өзбекстанда суу сактагыч 1-майда жырылса, ал суу Казакстандын аймагына 3-майда жетсе, эмне үчүн бийлик эки күн чара көргөн жок деген доомат коюуда.​

60 жаштагы карыя үйү суунун алдында калган адамдардын бири. Ал Казакстандын Түркстан облусундагы Өргебас айылында жашайт. 3-майда бул айылды суу каптады.​

«Болоору болду. Эми сабыр менен бийликтен көмөк күтөбүз. Жардам берсин, үйүбүздү куруп берсин. Ичине эмерегин коюп берсин. Эмне кылабыз?».

Казакстанда суу астында калган айыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00


Айрым көчөлөрдө суунун деңгээли 1,5 метрге жетет. Ондогон үйлөр урап калды. Айыл тургундары мал-жанын сактап калууга араң үлгүрдү. Айрымдары малын чыгарып, документ жана кийим-кечесин алууга да жетишпей калган.

«Документтерди алганы келдик. Зарыл буюмдар, итибиз калган. Ошолорду алганы келдик. Азыр кайра кетебиз».

Айыл тургундарынын айтымында, 2-майда жергиликтүү бийлик суунун деңгээли түшө баштаганын, коркунуч азайганын билдирген. Бирок бир күндөн кийин таңга маал айылды суу каптай баштаган. Өргебас айылынын тургуну Азиз Анетов аларга өкмөт жардам бере электигин айтты.​

«Эч кимди эвакуациялаган жок. Социалдык тармактарда "биз элди коопсуз жайга чыгардык" деп жазышыптыр. Эч ким бизди куткарган жок. Бир уйду чыгарып жатканын көрсөтүшкөн. Бул айылдын тургундары уюн да, мышыгын да өздөрү алып чыгышты. Айланайындар, бул эмне деген шумдук! Канча үй жок болду. Адамдар малсыз-жансыз, кийим-кечеси, тамак-ашы жок калды. Бул кудайдын буйругу менен эмес, адамдын кылганынан болуп жатат. Эмнеге жалган маалымат берип жатышат?».


Азыр айылда бир да киши жок. Полиция тургундарды айылга киргизбей жолду тосуп турат. Үйү үчүн камтама болуп, айылдын кире беришине чогулгандар бийлик зарыл чараларды көрбөгөнүн айтышты:​

«Кагылайын, казак элим. Бул эмне деген шумдук? Канчалаган үйлөр бузулду! Адамдар ач-жылаңач калды. Биздин өлкө башчыбыз каякта? Облустун, райондун, айылдын акимдери кайда жүрөт? Шумдук го бул! Эмне жазыгы бар бул казактын?».

Өргибас айылында 1,5 миңге жакын адам жашайт. Айылда мектеп, бала бакча, медициналык пункт жана мечит бар. Жергиликтүүлөр негизинен мал кармап, дыйканчылык менен оокат кылышат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, бир нече айылга караштуу 3.5 миң гектардан ашуун айдоо аянтын суу каптаган.

«3 600 гектар жер тек дыйканчылык аянты. 404 миллион теңге зыян келтирилген. Малдын башын санаган жокпуз. Жалпысынан 620 үй суунун алдында калды. Анын ичинен канчасы ылай саман менен курулганын так билбейбиз».


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына 10 айыл суунун алдында калганын жазды. Президент 22 миң адам эвакуацияланганын, Өзбекстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазган.

Казакстандын вице-премьер-министри Сергей Громов Экология министрлиги Өзбекстанга «нота» даярдап жатканын, Нур-Султан Ташкенттен чек аралаш жерлердеги гидрокурулуштар тууралуу маалымат сурарын билдирген. Бирок Казакстандын тышкы иштер мекемеси дипломатиялык кадам жасоону туура көргөн жок.

Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычындагы дамба 1-май күнү жырылып кеткен. Анын натыйжасында Өзбекстанда 30 миң адам эвакуацияланган. Андагы суу Абай каналы аркылуу Казакстандын Өргибас айылын 3-майда каптаган. Суунун агымы али да токтой элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG