«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Ошто өзүнүн бир жаштагы наристесин өлтүрүүгө аракет жасаган келин кармалды. Ош милициясы ал аялга адам өлтүрүүгө аракет жасаган деген айып такты. Укук коргоочулар болсо баласына кол салган келиндин күйөөсүнө да укуктук баа берүүнү талап кылышууда.
Ошто 21 жаштагы Өмүрбек Калмурзаев милициянын таягынан жаагы сынганын айтып “Азаттыкка” даттанды. Жабырланчуунун айтымында милиция кызматкери 200 сом карызы үчүн ушундай кадамга барган. Деген менен тартип сакчысы токмок жеген жигит анын адамдык аброюна шек келтирип, мазактаганын айтууда. Ошто милици
Ошто 21 жаштагы Өмүрбек Калмурзаев милиция кызматкеринин таягынан жаагы сынганын айтууда.
Жүз миңдей студенти бар Оштогу түрдүү окуу жайлардын бири дагы көзгө басар илимпоз же ойлоп табуучу адис чыгара албай жатышат.
Боюнун узундугу 1 метр 25 сантиметр Уларбек азыр 25 жашта. Ал 3-топтогу майып. Уларбек Батыркулов боюнун кыскалыгын кемчилик эмес, артыкчылык катары шоу бизнесте ийгиликтүү пайдаланып келет. Кыска бойлуу шоумен өз турмушу жана жашоого болгон көз карашы тууралуу айтып берди.
Мурда көбүнесе карылар менен аялдар кийчү маасылар акыркы жылдары жаштар арасында да өтүмдүү бут кийимге айланды. Териден тигилген жылуу маасылар Ошто арбын тигилүүдө.
ЮНЕСКО тизмесиндеги Сулайман-Тоо музей комплекси жеке ишкерлердин таламайында калды. Өкмөт башчы Темир Сариев Сулайман-Тоонун азыркы абалын сындап, аны жакшыртууну Ош мэринен талап кылууда.
Экономика министрлиги "Манас” аба майданынын аймагында чет өлкөлүктөр үчүн казино ачуу демилгесин былтыр жыл этегинде көтөрдү.
Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө Кенжекул айылындагы жалгыз бала бакчанын жери менчикке берилип кеткени ачыкка чыкты.
Соңку жылдары кыргызстандык кыздар арасында гуманитардык багытка ыктап, киреше булагы жогору, абройлуу деп саналган техникалык кесиптерден оолактагандар арбыды.
Ош шаарынын 72 жаштагы тургуну Күмүшай Чынбаеванын Оштогу "Келечек" базарында тилемчилик кыла баштаганына эки ай болду. Ал эртеден кечке кайыр сурап, эр жеткен эки оорукчан уулун багат. Өзү картайып, ден соолугу начарлап баратса да, балдарын багуу үчүн карылар үйүнө барбай жүрөт.
"Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фонду эки аптадан бери Ош шаарында элеттик мугалим аялдарга интернетти колдонууну үйрөтүп жатат.
Ош облустук милициясынын атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери Ош шаардык МАИ жана милиция кызматкерлерин сабады деген маалымат тарады.
Ош шаарындагы аба майдан оңдолуп-түзөлгөндөн кийин 3 миллионго жакын жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.
20 жылга эркинен ажыратылган Улан Самат уулунун жакындары ага адам өлтүрүү айыбы кыйноо жолу менен тагылганын айтып чыгышты.
Жергиликтүү бийлик Чоң-Алайдагы Кара-Казык алтын кенин иштетүүчү "Кайди" компаниясы кайра ишке киргенин жарыялады.
Кара-Суу райондук милициясы Ош облусттук соттук-медициналык экспертизасына эки адам каза болгон автокырсык боюнча жалган корутунду чыгарган деп кылмыш ишин козгоду.
24-декабрда Ош облустук милициясы Сирияда болгон деген шек менен Түркиядан келген балдарды кармаган. Алардын адвокаттары Түркияда диний билим алып кайткан балдар негизсиз кармалды деп милицияны айыпташууда.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Жинжиген көмүр кенин учурда "апачилер" (көмүр казгандар өздөрүн ушинтип атап алышкан) гана казышат. Алар кендеги кырсыктардын башкы себебин - аракечтик деп эсептешет. Ошондуктан кен казылып жаткан жерде арак сатууга, сойку кыздарды алып келүүгө тыюу салышкан.
Дагы жүктөңүз