Ош шаарынын 72 жаштагы тургуну Күмүшай Чынбаеванын Оштогу "Келечек" базарында тилемчилик кыла баштаганына эки ай болду. Ал эртеден кечке кайыр сурап, эр жеткен эки оорукчан уулун багат. Өзү картайып, ден соолугу начарлап баратса да, балдарын багуу үчүн карылар үйүнө барбай жүрөт.