Элеттик аялдар интернет менен достошот
"Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фонду эки аптадан бери Ош шаарында элеттик мугалим аялдарга интернетти колдонууну үйрөтүп жатат. Окуу курсуна келген мугалимдер дүйнөлүк желенин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алганына ыраазы. Долбоордун аткаруучулары интернет мугалимдик кесипте өтө чоң өбөлгө экенин белгилешет.