Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Жол кырсыгы МАИнин күнөөсүнөн болгонбу?


2015-жылы Кыргызстанда беш миңден ашуун жол кырсыгы катталган.
2015-жылы Кыргызстанда беш миңден ашуун жол кырсыгы катталган.

Кара-Суу райондук милициясы Ош облусттук соттук-медициналык экспертизасына эки адам каза болгон автокырсык боюнча жалган корутунду чыгарган деп кылмыш ишин козгоду.

Буга бир жыл мурун жол кырсыгынан каза болгон балдардын денелерин кайра текшергенде чыккан жаңы жагдайлар себеп болгон. Ал эми облустук соттук-медициналык экспертиза өкүлдөрү муну негизсиз деп эсептешет.

Ошол эле кезде каза болгон балдардын жакындары маркумдардын сөөгүн ачуу, соттук медициналык эксперттерге кылмыш ишин козгоону МАИ кызматкерлерин калкалоо аракети катары баалашууда. Алардын оюнча, жол кырсыгы МАИ кызматкерлеринин күнөөсүнөн улам болгон.

Кырсык тооруган жол

2014-жылы 30-декабрдын түнүндө 20 жаштагы Акжолбек Арстанбеков жана 21 жаштагы Муратали уулу Болотбек "Тойота раум" үлгүсүндөгү машина менен баратып, жол ортосунда токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзүп, каза болушкан. Каза болгон жигиттердин жакындары ошол убакта эч кимге дообуз жок деген тил кат жазышып, маркумдарды жерге беришкен. Бирок окуядан үч айдан соң Акжол Арстанбековдун апасы иштин кайра тергелишин талап кылып, Башкы прокуратурага арызданган.

Кийин Кара-Суу райондук соту балдардын сөөгүн казып, кайра текшерүүнү буйруган. Кара-Суу райондук милициясынын тергөөчүсү Аскар Мурзалиев эксгумациядан кийин балдардын өлүмү боюнча корутундунун чындыкка коошпогону далилденгенин билдирди.

- 6-январда ал балдардын биринин сөөгү коюлган жерде эксгумация жүргүздүк. Анын жыйынтыгында Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө мекемесине карата "документтерди жасаган, кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген беренелер боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө кайсы кызматкерге кандай айып коюлары эми аныкталат.

Деген менен Ош облустук соттук-медициналык мекемесинин жетекчилиги өздөрүнө карата эч кандай кылмыш иши ачылбаганын, аны ачууга негиз жок экенин айтууда. Мекеменин башчысы Бактыбек Мамадыев буларга токтолду:

- Бизге кандайча кылмыш иши козголот? Биз аларга экспертиза жүргүзбөсөк? Алар өздөрү сөөктү текшертпестен алып качып кеткен. Анан жалдырап жүрүп, эч кимге дообуз деген справка алышкан. Менин түшүнгөнүмө караганда, жабырланган тараптын доосу бизге карата эмес, милиция менен КамАЗдын айдоочусуна карата багытталган.

"Чыныгы күнөөлүүлөр жазасын алсын"

Ошол эле кезде маркум Акжол Арстанбековдун туугандары соттук-медициналык экспертиза мекемесине кылмыш ишин козгоону анчейин деле колдошпой турганын айтышууда. Акжол Арстанбековдун таякеси Жапар Курбаналиев маркумдардын сөөгүн ачуу, соттук медициналык эксперттерге кылмыш ишин козгоо менен милиция өз кесиптештеринин күнөөсүн жашырып жатат деген ойдо болууда.

Анын айтымында, кырсык балдардын эмес, караңгыда чоң жолдун ортосуна токтогон жүк ташуучу унаанын, аны ошол жерге токтоткон МАИ кызматкерлеринин күнөөсүнөн болду деп эсептейт.

- Караңгыда Ош-Бишкек трассасынын ортосуна милициялар жүк ташуучу унааны токтотуп, шопурунан акча доолап атышкан. Алар машинаны четке токтотууну шопурдан талап кылышкан эмес. Караңгыда жарыкты чагылдыруучу коопсуздук белгиси, же авариялык жарыгы жандырылган эмес. Алдыңкы унаа КамАЗга жакындаганда буруп, айланып өткөнгө үлгүргөн. Ал эми менин жээним бараткан машине жүк ташуучу унаа жолдун ортосунда туруп калганын байкаган эмес. Байкаса да кеч байкап, буруп кетүүгө же токтоого жетишпей, барып сүзгөн. Буга МАИ кызматкерлери жана ошол чоң машинанын шопуру күнөлүү. Эгер милиция ишти калыс тергесе, жазалоону өздөрүнүн кесиптештеринен башташы керек.

Бир жылдан бери аягына чыкпай жаткан тергөө дагы канчага чейин созулары азыр белгисиз. Маркумдун туугандарынын айтымында, кырсыкка себепкер болгон унаанын айдоочусу, укук коргоо органдары бир да жолу кечирим сурап коюшкан эмес. Ошондуктан алар жазаланышы керек деп эсептешет. Ош-Бишкек жолунун Кара-Суу районундагы ушул кырсык катталган Жаңы-Арык участкасында тез-тез унаа кырсыктары катталып турат.

2015-жылы Кыргызстанда беш миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Кырсыктан мерт болгондордун саны 800дөн көп. Жараат алгандар 7594 адам.

XS
SM
MD
LG