Орусия Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин орус спортчуларын допинг колдонуусу боюнча айыптоолоруна байланыштуу кылмыш ишин ачуудан баш тартууда.
Орус президенти “Панама-гейт” деген ат менен белгилүү болуп, дүйнөгө дүрбөлөң салып жаткан офшордук схемалар тууралуу документтерди Батыштын каралоо өнөктүгүнүн алкагындагы иш деп атады.
“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу суюлуп бараткан катарын калыңдатуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууга өттү.
6-апрелде Нидерландда Украина менен Евробиримдиктин ассоциация келишимин ратификациялоо боюнча референдум өтөт.
АКШнын аскер-деңиз флоту Араб деңизинен курал-жарак жүктөлгөн кеме кармалганын жарыялады. Андагы курал-жарак Ирандан Йемендеги шиит козголоңчуларына жиберилгени боолгонууда.
Вашингтондо ядролук коопсуздук боюнча дүйнөлүк саммит өтүүдө. Анда ядролук материалдардын экстремисттик уюмдардын колуна өтүп кетпеши боюнча маселелер каралууда.
Ирандын руханий жол башчысы – улук лидери Аятолла Али Хаменеи өз өлкөсүнүн келечеги үчүн сүйлөшүү эмес, ракета маанилүү экенин айтып чыкты.
Сирия өкмөттүк күчтөрү орус учактарынын аба соккуларынын колдоосу менен байыркы Пальмира шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлеринен бошотту.
Брюсселдеги кандуу калабадан жаракат алгандардын дагы төртөө өзүнө келе албай, өмүр менен кош айтышты.
“Борбор азиялык НАТО” – Кытай демилгелеп жаткан Ооганстан, Пакистан жана Тажикстан ортосундагы терроризмге каршы альянсты айрым аналитиктер ушинтип атап жатышат.
Бельгия баш калаасындагы удаама-удаа жардыруулардан мерт болгондордун саны кеминде 33 адамга жетти. Прокуратура аэропорттун учуу залындагы жардырууну жанкечти террорчу жасаганын ырастады.
Казакстанда жекшембидеги парламенттик шайлоодо Мажилиске үч партия өттү. Шайлоо жыйынтыктарына жараша парламент мурдагыдай эле “Нур Отан”, “Ак жол” жана Казакстан элдик коммунисттик партияларынан курала турган болду.
Евробиримдик менен Түркия лидерлери Эгей деңизи аркылуу Европага агылган качкындар маселесин чечүү боюнча бүгүн кайрадан Брюсселге чогулду.
Украинанын Крым аймагы Москва тарабынан аннексияланып, жарым аралдын Орусияга кошулуусу боюнча референдум өткөнүнө эки жыл толду.
Тажик президенти Эмомали Рахмон Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Жаңы өзгөртүүлөр тууган-уруктар ортосундагы нике менен ымыркайга тажик улутуна жат ысым ыйгарууга тыюу салат.
Тажик парламентинин жогорку палатасы бир катар район-шаарлардын атын өзгөртүү сунушун жактырды. Алардын катарында байыртан кыргыздар байырлап келген Жерге-Тал району да бар.
Ингушетиянын Чеченстан менен чектешкен жеринде Грозныйга бараткан укук коргоочулар менен журналисттер тобу кол салууга учурады.
Тажикстанда Рогун шаарынын бир канча тургунун милиция кармап кетти. Кармалгандардын жакындары кечээ аларды бошотуу талабы менен райондук ички иштер бөлүмүнүн алдына топтолушту. Кармоо себеби расмий айтылбаганы менен алар өлкөдө тыюу салынган салафи диний агымына тиешеси бар деген шек менен кармалганы болжолдонууда.
Орусияда Украинанын аскер учкучу Надежда Савченконун соту аяктап, өкүм угузуу 21-22-мартка белгиленди.
Евробиримдик менен Түркиянын Европага агылган качкындар маселесин чечүү боюнча кечээ Брюсселде башталган чукул саммити дагы узарды.
Дагы жүктөңүз