Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:22

Орусия ядролук саммитке катышкан жок


Вашингтондо ядролук коопсуздук боюнча дүйнөлүк саммит өтүүдө. Анда Түндүк Корея жаратып жаткан коркунуч жана ядролук материалдардын экстремисттик уюмдардын колуна өтүп кетпеши боюнча маселелер каралууда.

АКШ баш калаасында өтүп жаткан ядролук коопсуздук боюнча эки күндүк саммитке элүү чакты өлкөнүн жетекчилери менен өкмөт башчылары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Анын күн тартибинде Түндүк Кореянын ядролук программасынын кооптуулугуна жана "Ислам мамлекети" сыяктуу экстремисттик топтордун өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүндүгүнө байланышкан маселелер каралууда. Бул дүйнөлүк жыйынга Орусиядан эч ким барган жок. Москванын ага катышуудан баш тартышы Украинадагы жагдай жана башка айрым эл аралык маселелер боюнча Батыш өлкөлөрү менен мамиле начарлап кетиши менен байланыштырылууда.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков жыйынга Орусия катышпай калышынын себебин "иш-чаранын темасы жана күн тартибин алдын ала талкуулоо учурунда тараптар айрым бир маселелерде жеткиликтүү тил табыша албаганы” менен түшүндүрдү. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родс болсо саммитке катышуудан баш тартуу менен Орусия өзүн өзү изоляцияда калтырганын айтты.

Бен Родс ошондой эле мындай саммит алгач ирет өткөн 2010-жылдан бери ядролук куралдарды коопсуздандырууга байланышкан иште жылыштар байкалып, анын ичинде Украина менен Чилини кошкондо 14 өлкөдө өзөктүк материалдарды азайтуу же жоюу жүзөгө ашкан.

АКШ президенти Барак Обама саммит алдында Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ жана Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе менен жолугушту. Үч өлкө башчылары Пхеньяндын соңку айларда ядролук сынак жасап, тез-тез ракета учуруу аракеттерине байланыштуу кысымды күчөтүүнү сүйлөштү. Жолугушуудан соң АКШ президенти Барак Обама буларды айтты:

- Биз Түндүк Кореянын чагымдарына каршы турууда бирбиз. Биздин коопсуздук өз ара байланышта, андыктан биз бул маселени чечүүдө чогуу кызматташуубуз керек. Мен бардык өлкөлөрдү, дүйнө коомчулугун Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечими менен ядролук жана ракета программасына байланыштуу Пхеньянга каршы киргизилген санкцияларды сактоого чакырам.

Бул сүйлөшүүдөн көп узабай Түндүк Корея чыгыш тарабынан деңизге карай дагы бир ракета атканы кабарланды. Ал 100 чакырымдай учканын Түштүк Кореянын аскер өкүлдөрү билдиришти.

Акыркы он күндө Түндүк Корея ушуну менен үчүнчү ракетасын учурду.

АКШ президенти Барак Обаманын демилгеси менен эки жылда бир чакырылчу ядролук коопсуздук боюнча дүйнөлүк жыйын быйыл төртүнчү жолу өтүүдө.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG