Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:23

Грозныйга бараткан топ кол салууга кабылды


Бугүн журналисттерге кол салууну айыптаган акция өттү
Бугүн журналисттерге кол салууну айыптаган акция өттү

Ингушетиянын Чеченстан менен чектешкен жеринде Грозныйга бараткан укук коргоочулар менен журналисттер тобу кол салууга учурады.

Шаршембинин кечинде беткапчан белгисиз адамдар алар түшкөн кичи автобусту өрттөп жиберишти. Чабуулдан 8 адам жабыркады, арасында чет элдик жарандар да бар.

"Чеченстан менен ишиңер болбосун"

Орусиядагы “Кыйноолордун алдын алуу комитети” деп аталган топтун билдирүүсүнө караганда, кол салууга кабылгандардын арасында аталган уюмдун укук коргоочулары, орусиялык жана чет элдик журналисттер, баш-аягы 20 чакты адам болгон. Алар Ингушетия менен Чеченстандын чек арасына жеткенде беткапчан адамдар машинесин токтоткон да таяктар менен айнекти ургулап, ичиндегилерге кол сала баштаган. Беткапчандар унаанын ичиндегилерге карата "террорчулар", "саткындар" деп да кыйкырышкан. Андан кийин кичи автобусту өрттөп жиберишкен.

Күбөлөр кол салгандар Чеченстан тараптан келип, кайра келген жагына из жашырып кеткенин айтышууда. Чабуул жасаган топто 15тей адам болгон. Соңку маалыматтарга караганда, бул чабуулдан 8 адам жабыркап, алардын үчөө ооруканага жаткырылды.

Ингушетиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү кол салуу 9-мартта, кечки саат жети жарымдарда чек арага жакын Сунжа шаарчасынын аймагында болгонун ырастады.

Кол салууга кабылган журналисттердин бири окуя кандайча болгонун сүрөттөп берди:

- Биз кечки жетилерде май куйган бекеттен чыгып, бир аз жүргөндө эле айдоочу машинени чукул токтотуп калды. Карасак жолубузуду кандайдыр бир жеңил машине тосуп калган экен. Ошол учурда айнекке сокку урулуп калды. Биздин кичи автобусту бирөөлөр курчап алганы түшүнүктүү болду. Айнектерди уруп талкалагандан кийин алар колундагы таяктар мене бизге кол сала баштады. Биз эшиктин алдын тосуп, киргизбегенге аракет кылдык. Ага карабай алар унаанын ичине кирип, бизди сууруп чыгууга киришти. Андан ары жолдун четиндеги аңга ыргытып, уруп-сого баштады, - дейт “Медиазона” маалымат каражатынын кабарчысы Егор Сковорода.

Кол салууга кабылгандардын арасында болгон дагы бир журналист, The New Times басылмасынын кабарчысы Александра Елагина буларды айтат:

- Алар бизди тек гана коркутуп коюу максатын көздөсө керек. Болбосо башка нерсе кылабыз дешсе аны деле дароо жасамак. Укук коргоочулар менен журналисттерге Чеченстан менен эмне ишиңер бар дегендей эскертүү иретинде жасалган ишке окшоп турат. Алар "силер террорчуларды коргойсуңар жана чечен элинин кызыкчылыктарын эске албайсыңар" деген сөздөрдү айтып, кыйкырып жатышты.

Журналист Александра Елагина бул чабуулдан жабыркап ооруканага жаткырылган үч адамдын бири норвегиялык журналист Эйстейн Винстдад, экинчиси "Швед радиосунун" кабарчысы Лена Мария Перссон Лоефгрен, үчүнчүсү кичи автобустун айдоочусу экенин кошумчалады.

Кремль кол салууну "ээнбаштык" деп атады

Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги Ny Tid басылмасынын журналисти Эйстейна Виндстад кол салууга кабылышы боюнча Орусиядан түшүндүрмө сурады.

Ингушетия Ички иштер министрлиги бул кол салуу боюнча "ээнбаштык" жана "мүлктү атайлап жок кылуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, чабуул жасагандарды издөөгө алды.

Бул ишти Кремль да ээнбаштык деп баалады. Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Ингушетиядагы кол салууну "абсолюттук ээнбаштык" деп атап, бул боюнча жергиликтүү жана федералдык укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүп жатканын билдирди.

Мамлекеттик Думанын вице-спикери Сергей Железняк бул чабуулду тезинен иликтөө зарылдыгын, анда бул ишти аймактагы кырдаалды дестабилдештирүүнү жана кол салууда жарандары жабыркаган өлкөлөр менен Орусиянын мамилесине көлөкө түшүрүүнү самаган шыкакчы күчтөр уюштурушу мүмкүндүгү тууралуу версия да иликтениши керектигин айтып чыкты.

Укук коргоочулар менен журналисттердин бул сапарын уюштурган "Кыйноолордун алдын алуу комитетинин" Чеченстандагы кеңсеси буга чейин да бир канча жолу кол салууларга кабылган экен. Мунун айынан уюм кеңсесин кошуна Ингушетияга көчүрүп кеткенге аргасыз болгон.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG