"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Казакстанда бийликтеги “Нур Отан” партиясы президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү сунушун колдоп чыкты.
Өзбекстандык оппозициячыл активисттери уюштурган Виртуалдык шайлоо комиссиясы бул аптада президенттик шайлоого катталган талапкерлердин тизмесин жарыялады.
Францияда өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримованын мүлкү камакка алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу француз медиасы жазып чыкты. Буга чейин өзбек президентинин кызынын мүлкүнө карата мындай чара Швейцарияда көрүлгөн эле.
Украинанын чыгышындагы жаңжаалды жөнгөрүү боюнча саммит ушул шаршембиде Минскте өтүшү мүмкүн. Мунун алдында украин кризиси Мюнхендеги коопсуздук конференциясынын башкы темасы болду
Украинанын чыгышында тынчтык орнотуу боюнча азырынча ачыкка чыга элек планды Меркел жана Олланд Москвада Путин менен талкуулады.
Түркияда бийликтер президент Эрдоган душманы катары санаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылына байланышы бар Азия банкка көзөмөл орнотту.
Орусиянын жикчилдерге жардамды күчөтүшү Вашингтондо АКШ жана НАТО да Украинага согуштук курал берүүсү керекпи деген талкууну жандантты.
ИМ тобунун эки жапондун башын алышы Жапонияда өлкө жарандары четте коркунучка кабылса, армия куткаруу ишине катышуусу керекпи деген маселе боюнча талкууларды жаратты.
Крым сыяктуу Түштүк Осетия да аннексияланышы мүмкүн экенин Грузиянын тышкы иштер министри айтып чыкты.
Бул ирет мыйзамды колдобой туруу демилгеси менен демократ сенаторлордун тобу чыкты. Санкция мыйзамына вето саларын президент Обама да бир нече ирет эскерткен.
Вашингтон менен Москва ортосунда тыңчылык боюнча жаңы жаңжал тутангандай. АКШда федералдык прокурорлор Орусиянын тыңчылык түйүнүнүн мүчөсү деп шектелген үч адамга айып тагылганын жарыялашты.
Украинанын өкмөтү Донецк менен Луганск облустарынын аймагында өзгөчө абал режимин киргизди. Мындай чара деңиз жээгиндеги Мариупол шаары орусиячыл жикчилдердин чабуулуна кабылгандан кийин көрүлүүдө.
Шайлоодо жеңген "Сириза” партиясынын убадасы Греция евроаймактан кетишине алып баруусу мүмкүн деген кооптонууларды күчөттү.
Донецк шаарында аялдамада болгон бүгүнкү жарылуудан жетиден он үчкө чейин кишинин өмүрү кыйылды. Украин жана орус бийликтери снаряд троллейбуска тийгени үчүн бири-бирин айыпташты.
Украинанын күч кызматтары Харьковдогу жарылууну теракт катары мүнөздөөдө. Кечээ кечинде сот имараты алдында болгон жарылуудан кеминде он төрт киши жаракат алган.
Киевдеги жана башка шаарлардагы Биримдик маршы өлкө чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилердин урушу күчөгөн учурга туш келди.
Арменияда өлкө бийликтери бир үй-бүлөнү түгөл атып салган орус жоокери жазаланарын убада кылганына карабай нааразылык акциялар жума күнү да уланды. Еревандагы орус элчилиги астында демонстранттар менен полиция тирешип, кагылыша кетти.
АКШ менен Кубанын ортосунда бүгүнтөн тарта сооданын жана эки жакка каттоонун жаңы эрежелери күчүнө кирет. Бул Кошмо Штаттар Кубага мындан жарым кылым мурда киргизген эмбаргону жумшартуу багытындагы алгачкы чара.
Түркиянын премьер-министри Мухаммед пайгамбардын карикатуралары Түркияда кайра жарыяланышын айыптады.
Азияда деңиздеги каракчылык күчөдү. Бирок бул көрүнүштү иликтеген эл аралык уюм кара май баасынын арзандашы менен быйыл Түштүк Чыгыш Азиянын сууларында да каракчылык азаябы деп үмүт артууда.
Дагы жүктөңүз