"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Өзбекстанда президенттин кызы Гүлнара Каримовага байланышы бар делген ондогон киши соттолгону белгилүү болду. Ал эми үй камагында делген президенттин кызынын өзүнүн кылмыш иши сотко качан жетери анык эмес.
Француз коопсуздук күчтөрү эки жерге дээрлик бир учурда чабуул койду. “Шарли Эбдо” сатиралык журналдын редакциясына жасалган кандуу чабуул үчүн шектелгендер өлтүрүлдү.
Кытай сейрек кездешүүчү металлдардын экспортуна киргизилген чектөөнү жойду. Беш жылга созулган чектөө Бээжин Дүйнөлүк соода уюмундагы териштирүүдө утулгандан соң алынууда.
Шейшемби күнү кечинде Стамбулда жанкечти аял жасаган жардыруудан полициянын бир офицери каза таап, экинчиси жаракат алган.
АКШнын Ооганстанда калган аскерлерин мындан ары чыгарып кетүү графигине эч кандай өзгөртүү киргизилген жок.
Дүйнөлүк базарларда Жаңы жылдан кийинки сооданын жанданышы менен кара майдын баасы кайрадан төмөндөдү. Бул өз кезегинде Орусияда улуттук акча - рублдин нарксыздануусун улантып, Иранда тынчыздануу жаратты.
2015-жылга дүйнөлүк экономика элдир-селдир ыргак менен кирүүдө. Анткени эл аралык каржы уюмдары белгилегендей, аяктаган жылы глобалдык экономиканын калыбына келүүсү уланган менен өсүү ыргагы бир калыпта жана бекем боло алган жок. Буга геосаясий тобокелчиликтердин күчөшү да өз салымын кошту. “Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө дүйнөлүк экономиканын жыл жаңырган учурдагы акыбалы талдоого алынат
Орусияда 30-декабрда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный соттолду. Ал өзү үч жарым жылга шарттуу, бирок бир тууганы ушул эле мөөнөткө түрмөгө кесилди. Бул Кремлдин айыгышкан оппонентине каршы чыгарылган экинчи сот өкүмү болду.
Түштүк-Чыгыш жана Түштүк Азия өлкөлөрүндө бүгүн цунами курмандыктарын эскеришти.
Кыргызстан Евразия экономикалык жана Бажы биримдигине кошулуу келишимине кол койгондон кийин “Азаттык” мурдагы премьер-министр, кезинде улуттук валюта - сомду киргизүү боюнча комитетти жетектеген Турсунбек Чыңгышевге айрым суроолор менен кайрылды.
Москвада Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлду. Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнөн алчу үлүшү 1,9% деп аныкталды.
ЦРУнун “катаал” сурактары боюнча баяндама жарыялангандан кийин БУУ жана адам укугун коргоочу уюмдар АКШнын кыйноого тиешеси бар чиновниктерин жоопко тартууга үндөштү.
БУУнун Коопсуздук кеңешине берилген резолюцияда Израил-Палестина ортосундагы тынчтык келишимине жетишүүгө бир жылдык мөөнөт чегерилген. Израил долбоорду сынга алды.
Путиндин быйылкы жылдык пресс-конференциясы рубль мурда болуп көрбөгөндөй нарксызданган учурда туш келди.
Орусияда рубль нарксыздануунун улам жаңы рекорддук чектерин багындырууда.
Шанхай кызматташтык уюмунун Астанадагы жыйынында казак өкмөт башчысы уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы соодада улуттук валюталарга өтүүнү сунуш кылды. Мунун алдында Кытай менен Казакстан акча алмашууну караган келишимге кол койду.
Австралиянын мыкты куралданган полициясы Сиднейдин ортосундагы кафеге чабуул жасап, барымтада кармалып жаткандарды куткарды.
Вьетнамдын Түштүк Кытай деңизине ээлик кылуу укугун эл аралык сот аркылуу талашуу аракети расмий Бээжиндин нааразылыгын жаратты.
АКШда ЦРУнун “катаал” сурактары боюнча баяндаманын жарыяланышы артынан БУУ жана адам укугун коргоочу уюмдар кыйноого тиешеси бар америкалык чиновниктерди жоопко тартууга үндөштү.
Чет элдик күчтөрдүн Талибан режими кулатылгандан берки согуштук аракеттери он үч жылга созулду, келерки жылдан тарта алардын негизги иш багыты ооган күчтөрүн машыктыруу болот.
Дагы жүктөңүз