Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Орусия Түштүк Осетияны да аннексиялайбы?


Түштүк Осетиянын чек арасындагы көрсөткүч. 4-октябрь, 2014-жыл.
Түштүк Осетиянын чек арасындагы көрсөткүч. 4-октябрь, 2014-жыл.

Орусия Түштүк Осетия менен союздаштык жана интеграция боюнча келишим түзүүгө даярданууда. Мындан улам Грузиянын тышкы иштер министри Тамар Беручашвили Орусия Крым сыяктуу эле Түштүк Осетияны да аннексиялашы мүмкүн экенин айтып чыкты.

Грузия жикчил аймагы катары санаган Түштүк Осетияны Орусия 2008-жылы эле көз карандысыз өлкө катары тааныган. Мунун алдында Москва менен Тбилиси Түштүк Осетиянын айынан кыска мөөнөттүү согушка барган болчу.

Түштүк Осетиянын Орусия колдогон лидери Леонид Тибиловдун айтымында, Орусия менен алака-катышты азыркыдан да бекемдөөнү караган келишимге февралдын биринчи он күндүгүндө кол коюлушу керек.

Путин Түштүк Осетия лидери Леонид Тибилов менен. Сочи, 21-май, 2013-жыл.
Путин Түштүк Осетия лидери Леонид Тибилов менен. Сочи, 21-май, 2013-жыл.

Тибилов келишимдин зарылдыгын “дүйнөдө саясий кырдаал өзгөрүп, ал Түштүк Осетияга да коркунуч” жаратып жатканына байланыштуу деп түшүндүргөн.

Расмий Тбилисинин пикиринде, Түштүк Осетия менен кол коюла турган документ Москва Абхазия менен былтыр ноябрда түзгөн “стратегиялык келишимден” айырмаланып, аймактын Орусияга “көбүрөөк интеграциялануусун” карайт.

Грузин тышкы иштер министри Орусия эми Түштүк Осетиянын аннексиялашы мүмкүн деген эскертүүнү мына ушул жагдайлардан улам жасоодо.

Тамар Беручашвили Вашингтондо иш сапарда жүргөн жеринен “Азаттык” радиосу менен маегинде буларга токтолду:

- Кийинки кадам Осетия, бул жерде Крымдыкына окшош сценарий кайталанып, Түштүк Осетия аннексияланып калуусунун белгилери бар. Орусиянын бул аймактагы аскерий кубаты тездик менен чыңдалып жатат. Эң соңку маалыматтарга таянсак, 11,5 миңдей жоокери бар.

11,5 миң деп грузин тышкы иштер министри Орусиянын Түштүк Осетия менен катар Абхазияда жайгаштырылган аскерлеринин санын айтууда.

Тамар Беручашвили Москва Грузия дагы бир жикчил аймагы катары санаган Абхазия менен түзгөн келишимди “деструктивдүү кадам” деп атады:

- Маанилүү саясий маселелер боюнча деструктивдүү кадамдарды жасоону Орусия кайрадан улантууда. Мунун соңкусу былтыр ноябрда көргөзүлдү. Москва Сухумидеги оккупациялык режим менен стратегиялык өнөктөштүк жана интеграция деп аталган келишимге кол койду.

Аннексия жана жаңы реалдуулук

Жакында Орусиянын думасы Абхазия менен түзүлгөн келишимди ратификациялаганда, бийликтеги “Грузин кыялы” коалициясынын парламенттеги лидери Гиорги Вольски муну грузин жерин “аннексиялоону” көздөгөн кадам деп баалаган.

Орус тарап мындай дооматтарды четке кагып, бирок Грузия аймактагы “жаңы саясий реалдуулукту” эске алуусу керектигин билдирген.

Грузия Орусия Түштүк Осетия менен түзүүчү келишимден да аймактын аннексияланып кетиш мүмкүнчүлүгүн көрсө, Москва Түштүк жана Түндүк Осетияны кошуу идеясы каралган жок деп ырастоодо.

Түштүк Оссетиядагы орус аскерий базасы. 2-февраль, 2010-жыл.
Түштүк Оссетиядагы орус аскерий базасы. 2-февраль, 2010-жыл.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин ушул аптада маалымат агенттиктерине билдиргендей, Орусия Түштүк Осетиянын көз карандысыз өлкө деп тааныгандыктан, аны менен алаканы “эки тараптуу мамлекет аралык негизде гана” өрчүтүүнү көздөйт.

Буга чейин белгилүү болгон маалыматтарга караганда, 25 жылдык мөөнөт менен түзүлүп жаткан, бирок кийин узартылуучу келишим Түштүк Осетия тышкы саясатын Орусия менен макулдашып жүргүзүүсүн карайт, коргонуунун жана коопсуздуктун бирдиктүү мейкиндиги түзүлөт, чек арадан көзөмөл бекеттер алынат, Түштүк Осетиянын бажы органдары Орусиянын бажы системасына кирет, осетиндердин орус жарандыгын алуусу жеңилдейт.

Жаңы келишимдин зарылдыгы жок

Түштүк Осетиянын өзүндө Орусия менен жаңы келишимдин зарылчылыгы жок деп эсептегендер республика Конституциясын коргоо боюнча Координациялык кеңеш түзгөн.

Координациялык кеңештин мүчөсү, “Жаңы Осетия” саясиий партиясынын лидери Сармат Габарати “Азаттык" менен маегинде буларды белгиледи:

- Биз Орусия менен эң жакшы, эң сонун келишимибиз бар деп эсептейбиз. Анын негизинде жашап, өнүгүп жатабыз, кошумча макулдашууларды түзүүдөбүз. Биз ошол 2008-жылкы келишимден кетүүнүн зарылдыгы боюнча же экономикалык, же аскерий, же укуктук негиздерди уга алган жокпуз. Бизди канааттандыруу үчүн келишим Конституцияга шайкеш келиши шарт, Түштүк Осетиянын да, Орусиянын да кызыкчылыктарын кемсинтпеши, Орусияны эл аралык аренада оңтойсуз абалда калтырбашы керек. Бирок дагы бир жолу кайталайм, биз жаңы келишимдин зарылчылыгын көргөн жокпуз. Себеби зарыл келишимдер бар. Эгер аларды өнүктүрүү, жакшыртуу керек болсо биз кубаттайбыз.

Орусия көз карандысыз өлкө катары союздаштык жана интеграция келишимин түзүүнү көздөп жаткан Түштүк Осетия калкынын саны 60 миңге жетпейт. Ал эл аралык коомчулук тарабынан таанылган эмес.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG