Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:48

АКШ Орусиянын тыңчылык түйүнүн ашкереледи


Орусиянын тыңчысы деп шектелгендердин сары изине АКШнын Федералдык тергөө бюросу (ФБР) түшкөн.
Орусиянын тыңчысы деп шектелгендердин сары изине АКШнын Федералдык тергөө бюросу (ФБР) түшкөн.

Вашингтон менен Москва ортосунда тыңчылык боюнча жаңы жаңжал тутангандай. АКШда федералдык прокурорлор Орусиянын тыңчылык түйүнүнүн мүчөсү деп шектелген үч адамга айып тагылганын жарыялашты.

Расмий Москва бул окуяны “Орусияга каршы өнөктүктүн” алкагындагы иш катары баалады.

Орусия тыңчысы деп шектелгендерге айып тагылганын Кошмо Штаттардын Федералдык прокуратурасы жарыялады.

Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча прокуратурасы билдиргендей, тыңчылык боюнча айып Евгений Буряков, Игорь Спорышев, Виктор Подобный ысымдуу үч орусиялыкка коюлуп жатат.

Булардын ичинен экөөндө: Спорышев менен Подобныйда Кошмо Штаттарда жүргөндө дипломатиялык иммунитет болгон жана учурда алар өлкөнүн аймагынан чыгып кетишкен.

Ал эми 39 жаштагы Евгений Буряков ысымдуу банкир Орусиянын тыңчысы деген шек менен камакка алынды.

Нью-Йорктун соту Буряковду ал качып кетиши мүмкүн деген жүйө менен күрөөгө бошотуудан баш тартты.

АКШ расмий өкүлдөрү тыңчы деген шек менен камалган орусиялык жаран кайсы банкта иштегенин ачыктаган жок.

Бирок америкалык медиа кабарлагандай, сөз Орусиянын мамлекет карамагындагы “Внешэкономбанкы” жөнүндө жүрүп жатат. АКШ камакка алган Евгений Буряков мына ошол банктын Нью-Йорктогу өкүлчүлүгүндө жетекчинин орун басары кызматын аркалаган.

Ал эми аны менен кошо тыңчы катары айыпталып жаткан эки дипломат: Игорь Спорышев менен Виктор Подобныйдын орус өкмөтү менен расмий байланышы бар.

Тыңчы деп шектелген Евгений Буряков сотко алып барылганын чагылдырган сүрөт.
Тыңчы деп шектелген Евгений Буряков сотко алып барылганын чагылдырган сүрөт.

Алардын бири Орусиянын Нью-Йорктогу соода өкүлү, экинчиси Орусиянын БУУдагы өкүлчүлүгүндө атташе катары иштеген.

АКШнын Федералдык тергөө мекемеси - ФБРдин эсебинде, тыңчы катары айыпталып жаткан орусиялык банкир өзү чогулткан маалыматтарды дипломатиялык калканч астында иштеген эки шеригине өткөрүп берип турган.

Анткени камакка алынган Евгений Буряков расмий адам болбогондуктан, Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын Нью-Йорктогу резидентурасына бара алмак эмес.

“Лос Анжелес Таймс” басылмасынын расмий өкүлдөргө шилтеме берип жазганына караганда, АКШ тыңчы катары айыптап жаткандарга Вашингтондун Орусияга каршы экономикалык санкциялары, АКШнын альтернативалуу энергия булактарын алуу аракеттери боюнча маалымат топтоо милдети жүктөлгөн. Бул тыңчылык түйүн кеминде 2012-жылдан тарта иштеген.

Кошмо Штаттардын Башкы прокурору Эрик Холдер өз билдирүүсүндө Орусиянын тыңчысы деп шектелгендерге айып коюлушу “чалгын маалыматтарын мыйзамсыз чогулткан жашыруун агенттерге каршы күрөшүүгө бекем берилгенибизди көрсөтүп турат”,- деп айтты.

Эгер АКШ тыңчы деп шектегендерге коюлган айып сотто колдоо тапса, алар 15 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Өзү тыңчы деп шектелгендерди камоо же өлкөдөн чыгаруу АКШ –Орусия алакасына мүнөздүү көрүнүш. Адатта тараптардын бири мындай кадамга барса, экинчиси да дароо жооп чара көрөт.

Тыңчылык боюнча азыркы окуя Вашингтон менен Москванын мамилеси кыйла бузулуп, эки тараптуу диалог көп багыттар боюнча токтогон учурга туш келди.

Орус тышкы иштер министрлиги тыңчылык боюнча жаңы айыпты “Орусияга каршы өнөктүктүн алкагындагы иш катары” баалады. Министрликтин расмий өкүлү Александр Лукашевич:

-Орусия–Америка мамилелери Вашингтондун кастык багытынан улам ансыз деле жеңил эмес учурду баштан кечирүүдө. Канчалык жаман болсо ошончолук жакшы деген принципти кармануу менен АКШ Орусияга каршы өнөктүктүн жаңы түрмөгүн баштоону чечкендей.

Мамлекеттик Думадагы “Адилеттүү Орусия” партиясынын лидери Сергей Миронов АКШнын кадамын “саясий заказ” деп атап, орус атайын кызматтарын ага жооп кайтарууга чакырды.

Буга чейин 2010-жылы АКШда Орусиянын тыңчысы деп шектелген 10 адам кармалып, кийинчерээк алар Орусия АКШнын тыңчысы деп соттогон төрт адамга, анын ичинде орусиялык окумуштуу Игорь Сутягинге алмаштырылган болчу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG