Мурдараак украин президенти парламентке берген мыйзам долбооруна Москва жана ал колдогон жикчилдер нааразылык билдирген эле.
Ок атышууну токтотуу боюнча өткөн айда Минскиде жетишилген келишимдин негизги шарттарынын бирине ылайык, украин парламенти жикчилдер жарыялаган “Донецк жана Луганск элдик республикаларынын” карамагындагы аймактардын “атайын макамын” расмий таанышы керек эле.
Президент Петро Порошенко сунуш кылып, парламент жактырган мыйзам долбоор, расмий Киевдин пикиринде, ошол келишимдин шарттарын жана тынчтык жараянды ишке ашыруу максатын көздөйт жана жикчилдер карамагындагы аймактарга “украин суверенитетин кайтаруусу керек”.
Ушул дүйшөмбүдө Германияда болгон учурунда Порошенко “атайын макам” мыйзамынын максаттары тууралуу буларды белгилеген:
- Мен парламентке сунуш кылган мыйзам долбоорлор өзүн-өзүн башкаруу атайын макамда ишке ашырылуучу аймактардын чек араларын так аныктайт. Бул бизди Минск келишими милдеттендиргендей, ага кол коюлгандан 30 күндөн кийин ишке ашты.Тилекке каршы, бүгүн биз Орусия жана ал колдоп жаткан согушкерлер өз милдеттенмелерин көп жагынан аткарбай жатат деп айта алабыз. Бул ЕККУ уюмунун байкоочулар миссиясы тарабынан ырасталгандай, ок атышууну токтотууга, оор техниканы жана артиллерияны чыгаруу процедурасы жарыяланганы менен аткарылбаганына да тиешелүү.
Узак талаш-тартыштардан кийин шейшемби күнү кечинде украин парламентиндеги добуш берүүдө президент сунуш кылган мыйзам долбоорун 265 депутат колдоду.
Мыйзам менен бирге өзүн-өзү башкаруунун өзгөчө макамы киргизиле турган райондордун тизмеси аныкталды. Украин парламенти ошондой эле ал облустарды “убактылуу оккупацияланган” аймактар деп да тааныды.
Жаңы документке ылайык, ал аймактарда мыйзамсыз куралдуу топтор, аскерий техника, согушкерлер толук чыгарылгандан кийин эл аралык байкоочулардын катышуусунда украин мыйзамдарына ылайык шайлоо өткөрүлүшү керек.
Ошентип украин тарап “өзгөчө макам” мыйзамын кабыл алуу аркылуу Минск тынчтык келишиминин шарттарын аткаруу багытында алдыга дагы бир кадам жасадык деп жатканы менен Москва жана жикчилдердин лидерлери мунун тескерисинче айтышууда.
Маселен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ украин парламенти “өзгөчө макам” мыйзамын кабыл алар алдында анда мурда талкууланбаган жаңы шарттар кошулганын, бул Минск келишиминен артка кайткандык экенин белгилеген.
Лавровдун айтымында, “өзгөчө макам” шайлоого байланганы менен жикчилдердин лидерлери ага катышпайт. Ушундай эле ойду Лавровдон мурда жана ага тушташ жикчилдердин лидерлери да билдиришти.
Жикчилдер жарыялаган "Донецк Элдик республикасынын" лидери Александр Захарченко 16-мартта мындай деген эле:
- Украин президенти Жогорку Радага берген кандай мыйзам долбоору болбосун Донецк жана Луганск элдик республикалары менен макулдашылуусу керек эле. Эгер биздин колубуз коюлган макулдашуу барагы жок болсо, бул Минск келишимин бузгандык. Анткени келишимдин башкы жоболору Донецк жана Луганск элдик республикалары менен макулдашуу жөнүндө эле. Эгер, макулдашпаса эмнени каалашса бере беришсин. Мен ал документти көргөн жокмун.
Украин парламенти шейшемби күнү Улуттар уюму менен Европа биримдигине өлкө аймагында тынчтыкты сактоо үчүн эл аралык күчтөрдү жайгаштырууну өтүнгөн кайрылуу да кабыл алды. Ага чейин мындай чечимди Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши бекиткен эле. Бирок жикчилдердин лидерлери алар көзөмөлдөгөн аймакка “Орусияныкынан башка бейпилдик күчтөр” келбеши керек деп эсептешет.
Украин парламенти кечээ ошондой эле машыгуу өткөрүү үчүн өлкө аймагына чет элдик аскер бөлүктөрү киришине да уруксат берди.
Киевдин планы боюнча алар быйыл АКШ армиясы менен үч, Польшанын армиясы менен эки биргелешкен машыгуу уюштурат.