Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

Саудияда тактынын мураскерлери жашарды


Сауд падышасынын уулу, коргоо министри Мохаммед бин Салман тактынын мураскерлигинин орун басарлыгына көтөрүлдү.
Сауд падышасынын уулу, коргоо министри Мохаммед бин Салман тактынын мураскерлигинин орун басарлыгына көтөрүлдү.

Саудияда падыша Салман өлкөнүн бийлик иерархиясында ири алмаштырууларды жүргүздү. Талдоочулар бул консервативдүү ислам өлкөсүндө тактынын мураскерлери кыйла жашарганына жана орун которуштуруулар аймактагы кырдаал олку-солку болуп турган учурда ишке ашырылганына көңүл бурушууда.

Бийлик атадан балага же агадан иниге мурасталган Саудияда тактыны быйыл январда алган падыша Салман ибн Абдулазиз ал-Сауддун соңку жүрүштөрү чет байкоочулардын жана аймак боюнча талдоочулардын көңүлүн дароо бурду.

Эң башкысы ал тактынын өзүнөн кийинки мураскерлигинен мурунку падыша Абдалланын учурунда тандалган ханзаада иниси Мукринди четтетип, бул макамга башка бир тууганынын баласы Мухаммед ибн-Наифти дайындады. 55 жаштагы Мухаммед ибн-Наиф 2012-жылдан бери Сауд Аравиянын ички иштер министри кызматын аркалап келген эле.

Падыша Салмандын бийлик иерархиясындагы дагы бир ири орун которуштуруусу өз уулу, коргоо министри Мохаммед бин Салманды тактынын мураскеринин орун басарлыгына көтөрүшү болду.

Али кырктын кырына келе элек Мохаммед бин Салман коргоо министринин кызматына быйыл январда атасы тарабынан дайындалган эле.

Падыша Салман.
Падыша Салман.

Баяндамачылар бул эки дайындоо менен падыша Салман алдыдагы ондогон жылдар ичинде бийликтин биринчи тепкичтерин ким ээлерин аныктагандыгына жана Саудия падышалыгын негиздеген Абдулазиздин неберелеринин эң алгачкысын тактынын мураскерлигине көтөргөнүнө көңүл бурушууда.

Быйыл январда 91 жаш курагында дүйнөдөн өткөн падыша Абдалланын ордун азыркы падыша Салман 79 жаш курагында басканын, ал эми тактынын мураскери болгон иниси Мукрин ибн Абдел Азиз ал-Сауд 69 жашта экенин эске алганда макамы көтөрүлгөн ханзаадалар жаңы муундун өкүлдөрү деп да сыпатталууда.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00
Түз линк

Сауд падышасы дагы бир жарылыгы менен өлкөнүн тышкы иштер министри кызматын 1975-жылдын октябрынан бери дээрлик 40 жылдай ээлеген Сауд ал-Файсалды бошотуп, анын ордуна АКШдагы мурдагы элчи Адел ал-Жубеирди дайындады. Муну менен Саудиянын тышкы иштер министринин кызматы тарыхта биринчи ирет падышалык үй-бүлөдөн сырт адамга тийди.

Саудиянын жогорку бийлик тепкичтериндеги азыркы орун которуштуруулар аймактагы абал тынч эмес жана Эр-Рияд өзү да аскерий операцияларга тартылган учурга туш келгенин белгилеген талдоочулар мунун таасири коопсуздук жана тышкы саясатта да сезилерин айтышат.

“Рейтер” агенттиги өз анализинде жазгандай, тактынын мураскерлигине күч түзүмдөрүн башкарган эки жашыраак ханзааданын чыгарылышы аймактык атаандаш Иранга карата саясат катаалдашарынын, ошол эле учурда ички тартипти абдан бекем көзөмөлдөө саясатында анчалык олуттуу өзгөрүү болбой турганынын ишарасы.

Мохаммед бин Наиф Саудиянын негиздөөчүсү Абдулазиздин тактынын мураскерлигине көтөрүлгөн алгачкы небереси.
Мохаммед бин Наиф Саудиянын негиздөөчүсү Абдулазиздин тактынын мураскерлигине көтөрүлгөн алгачкы небереси.

Анткени тактынын мураскерлигине чыгарылган ханзаадалар күч түзүмдөрүн гана башкарбастан бири өлкөнүн коопсуздук, экинчиси экономикалык жактан өнүгүү саясатын аныктоочу комитеттерди жетектейт.

Тактынын мураскери болуп дайындалган ички иштер министри Мухамед ибн-Наиф кезинде Саудиянын “ал-Каидага” каршы күрөшүн жүргүзгөн адам болсо, мураскердин орун басарлыгына бекитилген коргоо министри Мохаммед бин-Салман Эр-Рияддын жакында коңшу Йеменде өткөргөн аскерий операциясын башкарып турду.

Саудия Йеменде бийликке чакырык таштаган хусит согушкерлерин колдогону үчүн Иранды айыптап жүрөт.

Айрым талдоочулардын баамында, Эр-Рияд алдыда Иран сындуу аймактык атаандаштары менен конфронтациядан баш тартчудай эмес.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG